18-февраль күнү кечинде Ош шаарынын мэри болуп иштеп жаткан Жеңишбек Токторбаев кызматынан алынды. Бул тууралуу КР Президентинин маалымат кызматынан кабарлашты. Президент Садыр Жапаровдун бул чечими күтүлгөндөй эле болду, анткени МинКаб төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин анын кадры жана досу Жеңишбек Токторбаевдин да алынышы күтүлгөн окуя болчу.
Токторбаевдин ишинде ийгиликтер да, кемчиликтер да болду
Ош шаарынын мурдагы мэри Женишбек Токторбаевдин ишинде ийгиликтер да, кемчиликтер да болгону анык. Бирок тарыхта эң иштерман мэр катары калаары талашсыз. Аны иштиктүү көрсөткөн нерсе – бюджеттен мурда болуп көрбөгөндөй акча каражаты бөлүнгөнү болду.
Буга чейин Ош шаарынын бюджетин колдоого Республикалык бюджеттен жылына 200-300 млн сом каралып келсе, 2025-жылы борбордук казынадан 6,6 млрд сомдук колдоо көрсөтүлдү.
Дээрлик 10-15 жылда бөлүнө турган каражаттын бир жылда берилгени Токторбаевдин энергиясына жана иш ыргагына жакшы дем болду. Шаар ичинде тартип орнотуу жана инфраструктураны жакшыртуу жагы жанданды.
Токторбаевдин ишине өкмөт катуу деле сын айта алган жок. Ал пландан ашык иштеди десе болот. Анткен менен кызматтан кетээрден бир күн мурун шаардын жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чет элдик түз инвестицияларды тартууда алешемдик бар экенин айтты. Ал бул жаатта Ош шаарынын көрсөткүчү 2025-жылы эң төмөн болгонун белгилеп, 2025-жылдын январь–сентябрга карата Ош шаарына чет элдик инвестициялардын көлөмү 1,2 млн долларды түзгөнүн, өткөн жылга салыштырганда 44,1%га төмөндөгөнүн, бул абал Ош шаарында инвестициялык климаттын начардыгын, инвестиция тартуу боюнча олуттуу көйгөйлөр бар экенин белгилеген.
Бирок Токторбаев МинКаб төрагасына туура эмес маалымат берилип калганын, коллегия учурунда анын оозун жаап койгонго болбой калганын айтып, сырткы инвестиция көрсөтүлгөн суммадан алда канча көп экенин эртеси айтты.
Эмне болгонда да, шаар тургундары анын ишин көпкө эстеп кала турган болду. Анткени Ошту шаар калыбына келтирүүгө анын салымы чоң болду. Ал буга чейин кабинетинен көп чыкпай, ныксырап отургандарды ордунан козгоп, кандай иштешти көрсөттү, үйрөттү. Убадаланган сөз сөзсүз аткарыларын, алынат десе, алынаарын, мыйзамсыз курулушка жол жок экенин, кайсы бир жерди же имаратты ээлеп алса боло бербей турганын, муниципалдык бийлик чындап кантип иштеши керектигин көрсөтүп кетти.
Кемчиликтери кайсылар?
Азыр шаардыктар 58 жаштагы Токторбаевдин иши тууралуу катуу талкуу жүргүзүп жатышат. Анын таң эрте шаардын көчөлөрүн кыдырганы, күтүүсүз текшерүүлөрдү жүргүзгөнү, жолдор ачылып, эс алуу бакчаларын салганы жакшы деген менен кемчиликтерин да санап беришүүдө.
Алардын эң негизгиси – анын тушунда шаардагы миңдеген дарактардын кыйылганы болду дешет. Бул экологиялык орду толгус жоготуу экенин айткандар эми шаарга канча дарак эккен менен калыбына келгиче ондогон жылдар кетээрин эскертишүүдө.
Мындан сырткары, Токторбаевдин айрым кызматкерлерди кескин сындаган сөздөрү коомчулукта түрдүү пикирлерге жем таштады. Ал эми жолдорду кеңейтүү үчүн курулуштарды, жеке турак үйлөрдү сүрдүргөнү талаштуу маселеге айланды.
2025-жылы Ош шаарына дээрлик 100 чакырым жолго асфальт басылды. Мурда мындай иш дээрлик 10 жылга жакын аралыкта аткарылганын шаардык мэриядан билдиришкен. Бирок айрым көчөлөргө асфальт басууга кеткен каражаттарды ишкерлерге илип койгону да сөз болуп жатат. Ушул тууралуу маселе көтөргөн журналист Ыдырыс Исаковдун кайрылуусуна ак же көп деген жооп болгон жок.
Ал эми УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташы, кадры экенин айткан Токторбаев борбордук бийликке жакпаган, саясий ката кадам таштап алганын боолголошууда. Анткени Ташиев кызматтан алынгандан бир топ министрлер, ЖК депутаттары, УКМКдагы көпчүлүк жетекчилери да кызматтарынан алынды.

Акаевдин мэр болуп келиши күтүүсүз болду
Акыркы жумада Токторбаевдин кызматта калаар-калбасы тууралуу коомчулукта көп талкуу болуп турду. Ал эмес, кеткени тууралуу жалган маалыматтар да тараганда мэриянын маалымат кызматы аны төгүндөгөн. Анткен менен маалымат чындыкка айланды, натыйжада 39 жаштагы Жанарбек Акаев Ош шаарына мэр болуп дайындалды. Ал коомчулукка сүйлөгөн алгачкы сөзүндө мурунку мэр Токторбаевдин бүтпөй калган иштерин улантаарын айтты.
Акаевдин мэр болуп дайындалышы чындап эле күтүүсүз болду. Анткени мындай жаш, аткаруу бийлигинде тажырыйбасы жок адамды стратегиялык чоң шаарга мэр кылып дайындоо ишенимсиз болчу. Бирок Президент Жапаров Акаевге ишеним көрсөттү.
Анын тандалуусу да жөн жеринен болбосо керек. Анткени көпчүлүк коомчулуктун сүймөнчүлүгүнө айланып калган Токторбаевди кызматтан алгандан кийин жергиликтүү тургундарды капа кылбаш үчүн ушундай кадамга барса керек. Анткени Акаев жаш болгон менен элге ачык, коомчулук менен көп иштешкен тажырыйбалуу саясатчылардын бири. Токторбаевдин кетишине ичи ачышканы менен Акаевдин келишине көп деле нааразы болушкан жок.
Жанар Акаев ким?

Ал ОшМУнун Журналистика адистигин бүтүргөн. 2008-2015-жылдары “Азаттык” радиосунун Ош, Бишкек (Кыргызстан), Прага (Чехия) шаарларындагы кеңселеринде иштеген.
2015-жылы ошондогу президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы да болгондон кийин парламентке жол ачылып, жалпысынан үч жолу депутат болуп шайланды. Үй-бүлөлүү. Эки уул, бир кыздын атасы.
Даярдаган А. Белеков.



















