5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Темирлан Айтиев жер алуу үчүн кезекте турган жарандардын маселесин дагы бир ирет көтөрүп, аларга жер тилкелери берилеби же жокпу деген суроо койду. Ал белгилегендей, бул маселе буга чейин көтөрүлгөндүгүнө карабай эч кандай тыянак чыкпай, жооп да болгон эмес. Учурда Кыргызстанда жер алуу үчүн жүз миңдеген жарандар кезекте турушат.
Т. Айтиев белгилегендей, бул маселени чечүү үчүн Жер кодексине атайын берене киргизилип, анда ар бир жаран өзүнө турак жай куруу үчүн бир жолу жер тилке алууга укуктуу деп каралган. Ал мыйзамдын негизинде 2005-жылы “Жеке менчик үй куруу үчүн жер тилке берүүнүн тартиби” боюнча жобо бекитилгендигине карабай, маселе чечилбей келе жатат. Эгер бул ишке ашпай турган болсо, миңдеген кишилерди үмүттөндүрбөй, кабыл алынган жобо тартибине өзгөртүү киргизилиши керек. Анткени жарандар райондук, облустук админстрацияга кайрылган учурларда айыл өкмөттөрдүн жооп бере тургандыгы көрсөтүлүп, натыйжада жоопкерчилик аларга жүктөлгөн.
Буга МинКабдын төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жооп берип жатып, жер тилкелери тартыш болгондуктан ар бир жаранга жер тилкеси жетпей тургандыгын баса белгиледи.
“Жарандардын саны өсүп жатат. Жер тилкелери тартыш болгондуктан, ар бир жаранга жер тилкеси жетпейт. Ошондуктан биздин сунуш, бул маселени комплекстүү чечүү үчүн жеке менчик жер тилкеден көп кабаттуу үйгө өтүү. Бул эң биринчи маселе болгондуктан Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу чечкенге аракет кылып жатабыз. Бул боюнча президент өзү дагы демилге көтөргөн”,- деди Д. Амангелдиев.
Ал кошумчалагандай, жердин ээси айыл өкмөт. Ошондуктан райондук, облустук мамлекеттик админстрациялар бул маселени карай албайт. Жер тилкеге болгон кезек жергиликтүү бийликтин кезегинде турат. Эгерде кошумча кандайдыр бир жер тилкелери пайда боло турган болсо, сөзсүз түрдө алар кезеги менен бере алышат.
Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы токтомуна ылайык, жер мунапысына катышуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунда аяктаган. Ага чейинки билдирүүдө, жер тилкесине болгон укуктарын мыйзамдаштырууну каалаган жарандар жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаардык мэриялар алдында түзүлгөн жер амнистиясы боюнча комиссияларга кайрылуусу керектиги айтылган.
Расмий маалыматка караганда, жер тилкеге ээ болуу максатында 2025-жылдын 20-июнуна карата жалпы 170 766 жарандан арыз түшүп, анын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 76 643 чечим кабыл алынган.
2025-жылдын 16- декабрда Президент Садыр Жапаров “Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү ишин аяктоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.
Жарлык менен жер-укуктук мамилелерди жөнгө салууга бир жылдык мөөнөткө мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Ага ылайык 2026-жылдын 1-мартына чейин азыркы жер мунапысы боюнча иштеп жаткан комиссиялардын иши токтотулары айтылган.
Ал эми 2021-жылы “Менин үйүм – 2021-2026” программасынын алкагында “Жеңилдетилген ипотека”, “Арзан ипотека”, “Социалдык ипотека” багыттары ишке киргизилип, Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай комплекстерин курууну колго алган.
Алгачкы этапта Бишкек шаарында, андан кийин Манас шаарында үйгө муктаж 3251 жаранга батир тапшырылган. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 87,5 миллиард сомду түзөт.
Ушул убакка чейин компания 13 850 үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылды. Ага карабай Мамлекеттик турак жай программасынын алкагында азыркы учурда 100 миңге жакын жаран дагы деле кезек күтүүдө.




















