Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Өзбекстандын мамлекеттик карызы 48 млрд доллардан ашты: негизги маалыматтар

  • Өзбекстан
  • 26.08.2026 16:50

Loading

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Өзбекстандын мамлекеттик карызы 1,46 млрд долларга көбөйүп, 48,3 млрд долларды түздү. Тартылган кредиттердин так жарымы мамлекеттик бюджетти колдоого багытталган. Эң ири кредиторлор — Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы.

1-июлга карата Өзбекстандын мамлекеттик карызы 48,3 млрд долларга жетип, жылдын биринчи жарымында 1,46 млрд долларга көбөйгөн. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинин отчетунда айтылат.

Мамлекеттик карыздын негизги бөлүгүн — 84%ын тышкы карыз түзөт, анын көлөмү 40,71 млрд долларды түзгөн. Тышкы карыздын ички дүң өнүмгө (ИДП) карата катышы биринчи чейректеги 22,2%дан 22,8%га чейин өскөн.

Тема боюнча

АКШнын бюджетинин тартыштыгы октябрь айында 404 млрд. долларга чейин өстү

АКШнын бюджетинин тартыштыгы октябрь айында 404 млрд. долларга чейин өстү

13.11.2026

Бул мезгилде ички карыз 9,2%га, башкача айтканда 642 млн долларга көбөйүп, 7,6 млрд долларга жеткен. Анын ИДПга карата үлүшү да 4%дан 4,2%га чейин жогорулаган.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыздын жан башына туура келген көлөмү 1254 долларды түздү.

Тартылган карыз каражаттары кайда жумшалды?

Отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик тышкы карыздын жалпы көлөмүнүн:

  • 50%ы — 20,5 млрд доллар мамлекеттик бюджетти колдоого;
  • 13%ы — 5,5 млрд доллар отун-энергетика тармагына;
  • 8%ы — 3,3 млрд доллар айыл чарба жана суу чарбасы тармагына;
  • 8%ы — 3 млрд доллар транспорт жана транспорттук инфраструктурага;
  • 8%ы — 3,4 млрд доллар турак жай-коммуналдык чарбага багытталган.

Өзбекстан кимдерден карыз алды?

2026-жылдын 1-июлуна карата мамлекеттик тышкы карыздын негизги бөлүгү төмөнкү уюмдардан тартылган:

  • Дүйнөлүк банк — 9,1 млрд доллар;
  • Азия өнүктүрүү банкы — 8,2 млрд доллар;
  • эл аралык инвесторлор (эл аралык евробонддор) — 6,7 млрд доллар;
  • Кытайдын каржы уюмдары — 3,9 млрд доллар;
  • Япониянын каржы уюмдары — 3,1 млрд доллар;
  • Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы — 2,3 млрд доллар;
  • Франциянын каржы уюмдары — 1,3 млрд доллар;
  • Ислам өнүктүрүү банкы — 1,2 млрд доллар;
  • Германиянын мамлекеттик банкы — 725 млн доллар;
  • Кореянын каржы уюмдары — 693 млн доллар;
  • Эл аралык валюта фонду — 608 млн доллар;
  • Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы — 478 млн доллар;
  • башка каржы уюмдары — 2,1 млрд доллар.

Мамлекеттик тышкы карыздын валюталык түзүмү төмөнкүдөй:

  • АКШ долларындагы кредиттер — 57%;
  • евродогу кредиттер — 8%;
  • жапон иениндеги кредиттер — 6%;
  • өзбек сумундагы кредиттер — 4%.

Жалпы тышкы карыз — 82,2 млрд доллар

Тышкы карыз эки түргө бөлүнөт: мамлекеттик карыз жана жеке (корпоративдик) карыз.

Учурда Өзбекстандын мамлекеттик карызы 48 млрд доллардан ашат. Ал эми Өзбекстанда катталган уюмдар мамлекеттин кепилдигисиз тышкы кредит алса, ал жеке тышкы карыз катары катталат.

Ошол эле учурда мындай «жеке» карыздардын олуттуу бөлүгү мамлекетке таандык компанияларга туура келет. Мисалы, Узсаноаткурилишбанк, Асакабанк жана Алокабанк Кытай банктарынан алынган кредиттердин эсебинен жаңы имараттарды курган.

Эгер Өзбекстандагы мамлекеттик банк же мамлекеттик ишкана өзүнүн атынан жана мамлекеттин расмий кепилдигисиз карыз алса, ал жеке карыз катары эсептелет. Бирок карыз мамлекеттик банк тарабынан алынгандыктан, аны «жарым-жартылай мамлекеттик» же «квазимамлекеттик» карыз катары да классификациялоого болот. Себеби карыз алуучу — мамлекетке таандык же мамлекет тарабынан көзөмөлдөнгөн уюм.

Бул карыз мамлекеттик карыздын курамына кирбейт, бирок өлкөнүн финансылык туруктуулугуна таасир этиши мүмкүн. Айрыкча мамлекеттик ишкана өз карызын төлөөдө кыйынчылыкка туш болгондо мындай тобокелдик күчөйт.

2026-жылдын 1-январына карата Өзбекстандын жалпы тышкы карызы 82,2 млрд долларды түзгөн.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: карызӨзбекстанӨзбекстандын тышкы карызытышкы карыз
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ш. Мирзиёев дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кирди: Өзбекстандын президенти эмнеси үчүн белгиленди?

Ш. Мирзиёев дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кирди: Өзбекстандын президенти эмнеси үчүн белгиленди?

14.11.2026
АКШнын бюджетинин тартыштыгы октябрь айында 404 млрд. долларга чейин өстү

АКШнын бюджетинин тартыштыгы октябрь айында 404 млрд. долларга чейин өстү

13.11.2026
Өзбекстан менен Япониянын Ямагата префектурасы жумушка орноштуруу жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты

Өзбекстан менен Япониянын Ямагата префектурасы жумушка орноштуруу жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты

23.10.2026
Өзбекстандыктар эң көп чыккан чет өлкө – Кыргызстан

Өзбекстандыктар эң көп чыккан чет өлкө – Кыргызстан

21.10.2026
Чумабы же кооптуу ушакпы? Лаборанттын өлүмүнөн кийин Иркутскиде эмне болду?

Чумабы же кооптуу ушакпы? Лаборанттын өлүмүнөн кийин Иркутскиде эмне болду?

09.10.2026
Өзбекстанда чумага байланыштуу тынчсызданууга негиз жок — Санэпидкомитет

Өзбекстанда чумага байланыштуу тынчсызданууга негиз жок — Санэпидкомитет

08.10.2026
С. Мирзиёева педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады

С. Мирзиёева педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады

28.09.2026
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио октябрда Өзбекстанга барат

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио октябрда Өзбекстанга барат

28.09.2026
Өзбекстанда электромобилдердин саны бир жылда 67 пайызга өстү

Өзбекстанда электромобилдердин саны бир жылда 67 пайызга өстү

24.09.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.