Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева балдарга карата өзгөчө оор сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар үчүн жазаны катаалдаштырууну сунуштады.
«Мындай адам чыдагыс кылмыштар үчүн, менин оюмча, чындап эле өлүм жазасы колдонулушу керек. Тилекке каршы, азыркы мыйзамдарда мындай жаза каралган эмес», — деп жазды ал 27-сентябрда өзүнүн расмий Telegram-каналында, Наманган облусундагы трагедияга комментарий берип жатып.
Ал ошондой эле тиешелүү органдарга зарыл көрсөтмөлөрдү бергенин, ал эми бийлик «жоопкерчиликти мүмкүн болушунча катаалдаштыруу» үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды даярдап жатканын билдирди.
Мындай билдирүүгө Наманган облусундагы бала бакчалардын биринде беш жаштагы кызга карата сексуалдык зомбулук жасалган деген шек боюнча козголгон кылмыш иши себеп болгон. UzNews басылмасынын маалыматына ылайык, шектүү — бала бакчанын кампасынын башчысы. Ал камакка алынган, ал эми кылмыш иши Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 118-беренесинин 4-бөлүгү — 14 жашка толо элек адамды зордуктоо боюнча козголгон.
Кийинчерээк басылманын маалыматына караганда, шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 112-беренесинин 1-бөлүгү — өлтүрөм же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу боюнча да иш козголгон.
Өзбекстандын Балдар омбудсмени кырдаалды көзөмөлгө алып, өзүнчө билдирүү менен ЖМКларды жана социалдык тармактардын колдонуучуларын жабыркаган баланын укуктары менен кадыр-баркына зыян келтириши мүмкүн болгон такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.
Саида Мирзиёева жазанын түздөн-түз шектүүгө гана эмес, шалаакылыкка жол берип, баланын коопсуздугун камсыз кылбагандарга да колдонулушу керектигин билдирди.
«Кылмышкер өтө катаал жазага тартылат. Ошондой эле буга жол берген, шалаакылык кылган жана баланы коргой албаган бардык адамдар да жооп берет», — деп жазды ал.
«Газета.uz» басылмасынын маалыматына ылайык, кыздын апасы окуядан кийин бала бала бакчадан коркуп калганын айткан. Анын сөзүнө караганда, мекемеде видеокөзөмөл камералары иштеген эмес, ал эми шектүүнүн туугандары арызын кайтарып алышы үчүн ага акча сунушташкан.
Бирок эненин бул билдирүүлөрүн аныкталган фактылар катары кабыл алууга болбойт: тергөө иштери уланууда.
Өзбекстандын Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министрлиги 26-сентябрда болгон окуянын жагдайларын иликтөө үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди.
Ошол эле күнү Башкы прокуратура кылмыш иши козголгонун маалымдады. Балага жана анын апасына психологиялык, медициналык жана юридикалык жардам көрсөтүлүүдө.
Учурда Өзбекстандын мыйзамдарында өлүм жазасы каралган эмес.



















