Октябрь айынын жыйынтыгы боюнча АКШнын бюджетинин тартыштыгы 15 эсеге өсүп, 404,064 млрд долларды түздү.
Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигинин отчетуна таянуу менен Trading Economics порталы маалымдады.
Ведомствонун маалыматына ылайык, мындан бир ай мурда бюджеттин тартыштыгы 26,9 млрд долларды түзгөн. Ал эми аналитиктер тартыштык 298,6 млрд долларга чейин гана өсөт деп болжолдошкон.
Октябрь айында АКШнын Каржы министрлиги жарыялаган маалыматтарга караганда, өлкөнүн мамлекеттик карызы 40 трлн долларлык рекорддук көрсөткүчкө жеткенден кийинки эки айдын ичинде дагы дээрлик 400 млрд долларга көбөйгөн. Август айынын аягынан бери мамлекеттик карыздын көлөмү 1 пайызга өсүп, 40,4 трлн долларга жакындаган.
Август айында АКШнын мамлекеттик карызы 2017-жылдан бери 20 трлн доллардан 40 трлн долларга чейин өсүп, рекорддук чекке жеткени белгилүү болгон.
Карыздын кескин көбөйүшүнө бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн мамлекет тарабынан каражаттардын карызга алынышы себеп болгон. Натыйжада АКШ өкмөтүнүн ички жана тышкы кредиторлор алдындагы карызы 10 жылга жетпеген убакытта эки эсеге көбөйгөн.



















