Американын тышкы саясат ведомствосунун башчысы октябрь айында ири бизнес-делегацияны жетектеп, Самаркандга келет. Аны 100дөн ашуун америкалык компаниянын өкүлдөрү коштойт деп күтүлүүдө.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио октябрь айында ири бизнес-делегацияны жетектеп, Өзбекстанга келет. Ал Самарканд шаарында C5+1 форматындагы жолугушууга катышып, соода, инвестициялар жана экономикалык кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Алдыдагы сапар тууралуу АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор билдирди. Анын айтымында, делегациянын курамында 100дөн ашуун америкалык компаниянын өкүлдөрү болот.
Сапардын негизги максаты — АКШ менен Өзбекстандын ортосундагы соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү. Ошондой эле америкалык тарап Борбордук Азиядагы экономиканы модернизациялоону колдоо жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулоону көздөп жатат.
Сапардын алкагында Рубио Борбордук Азия өлкөлөрүнүн — Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен C5+1 форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат.
Сүйлөшүүлөрдө аймактын экономикалык өз ара байланышын, энергетикалык коопсуздукту, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШ үчүн жалпы мааниге ээ болгон башка артыкчылыктуу багыттарды талкуулоо пландалууда.
Мындан тышкары, АКШнын мамлекеттик катчысы Өзбекстандын жетекчилиги жана аймактагы кесиптештери менен жолугушат. Өзгөчө көңүл соода көлөмүн көбөйтүүгө, жеке инвестицияларды тартууга жана экономикалык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө бурулат.















