Өзбекстандын калкы турист катары кайсы чет өлкөгө көп барышат?
2024-жылдын январь-март айларында чет мамлекеттерге туристтик максат менен 1,3 миллионго жакын өзбекстандыктар чыгышкан.
Өлкөнүн статистика ведомствосунун маалыматына ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 365,6 миң адамга же 40,7%га көбөйгөн.
Өзбекстандыктар турист катары көп барган өлкөлөр:
Кыргызстан — 559,1 миң адам;
Таджикистан – 260,8 миң адам;
Казакстан – 184,1 миң адам;
Сауд Аравиясы – 70 600 адам;
Россия – 50,3 миң адам;
БАЭ — 38 500 адам;
Түркия – 34 400 адам;
Кувейт – 13,8 миң адам;
Египет – 8,2 миң адам;
Таиланд – 6,2 миң адам;
башка өлкөлөр – 37,1 миң адам.



















