31-август – Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Каракол шаарында өткөн чоң концерттин алкагында «Ширшов» коомдук фонду шаарга 63 жаңы автобус тапшырды. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановдун билдирүүсү боюнча, бул күнү алгач шаарга 39 автобустан турган биринчи партия келди.
Жаңы автобустардын ачкычтарын мэрге «Ширшов» фондунун өкүлү Ирина Ширшова тапшырды.
«Фонддун ишмердүүлүгүнүн шаар турмушундагы айкын өзгөрүүлөр аркылуу көрүнүп турушу биз үчүн абдан маанилүү. Бүгүн биз Каракол шаарына жаңы автобустарды өткөрүп берип жатабыз. Бул транспорттор шаарга узак убакыт кызмат кылып, Караколдогу коомдук транспортту тургундар үчүн кыйла ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат деп ишенем.
Фонддун жалпы командасынын атынан сиздерди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм! Өлкөбүзгө тынчтык жана өнүгүү, ал эми Каракол шаарына гүлдөп-өсүүнү жана жакшы өзгөрүүлөрдү каалайм!», – деди Ирина Ширшова.
Алынган 39 автобустун бардыгы пайдаланууга толук даяр. Жакын арада алар шаардык каттамдарга чыгып, коомдук транспорт паркын жаңылоого жана тургундардын жол жүрүүсүн ыңгайлатууга шарт түзөт.
Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын октябрь айына чейин «Ширшов» фонду Каракол шаарына дагы калган 24 автобусту өткөрүп берет. Натыйжада долбоордун алкагында шаар жалпысынан 63 жаңы автобуска ээ болот.
Белгилей кетүүчү жагдай, жакында түзүлгөн «Ширшов» фонду Каракол шаарына 8 млрд. сом грант жардам берүүнү жарыялаган. Бул каражат шаардын социалдык тармагын жакшыртууга жумшалмакчы. Каракол шаары кыш мезгилинде да лыжа тебүү үчүн келген жергиликтүү жана чет элдик туристтерди кабыл алуу менен Кыргызстандын кышкы туризмин өнүктүргөн аймак катары белгилүү. Шаардын мэри Талантбек Иманов ЖМКга берген маалыматында күз айларында «Ширшов» фондунан алынган каражат кандай пайдаланылып жаткандыгы тууралуу отчёт берилерин айткан.



















