Өзбекстандын туризм кызматтарынын экспорту 2026-жылдын январь–август айларында 4,6 млрд долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 53,5%га өстү. Бул тууралуу 8-сентябрда Туризм комитети билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, бул мезгил аралыгында өлкөгө 9,1 млн чет элдик турист келген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 21,1%га көп. Август айында Өзбекстанга 1,4 млн турист келген, ал эми жылдын алгачкы жети айында алардын саны 7,7 млн.го жеткен.
Туристтик сапарлардын саны эң көп Кытайдан — 2,3 эсеге, Малайзиядан — 2 эсеге, Япониядан — 1,5 эсеге, АКШдан — 1,4 эсеге жана Россиядан — 1,3 эсеге өскөн.
Германиядан келген туристтердин саны 25%га, Франциядан жана Улуу Британиядан — 21%га, Түркиядан — 15%га көбөйгөн.



















