Жакынкы жылдары Кыргызстанда туристтердин агымы кыйла өсүшү күтүлүүдө: 2026-жылы өлкөгө болжол менен 13 млн. турист келиши мүмкүн, ал эми кийинки жылдары алардын саны 20–30 млн.го чейин өсүшү ыктымал. Ушундай шартта аймактардын тургундары эс алуучуларды кабыл алууга турак жайларын жана инфраструктурасын алдын ала даярдоого чакырылууда.
Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ШКУ жана ШКУ+ саммиттери, ошондой эле Кытай менен Пакистандын жетекчилеринин мамлекеттик жана расмий сапарларынан кийин кыйла өстү.
«Образдуу түрдө айтсак, эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактар Кыргызстанды дүйнө жүзү боюнча 7 миллиарддан ашык адамга көрсөттү», — деди Кубатов.
Анын пикиринде, бул чет өлкөлүк туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусунун мындан ары да өсүшүнө жана өлкөгө келүүчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн.
Ушуга байланыштуу Кубатов аймактардын тургундарына боз үйлөрдү даярдап, кошумча бөлмөлөрдү иретке келтирип, аларды туристтерди кабыл алуу үчүн пайдаланууну жана эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүүнү сунуштады.
«Калкыбыз буга даяр болушу керек: боз үйлөрдү даярдап, кошумча бөлмөлөрдү иретке келтирип, туристтерди кабыл алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз зарыл», — деди ал.
Агенттиктин башчысы ички туристтик инфраструктураны өнүктүрүү аймактардын тургундары үчүн кошумча киреше булагы боло аларын белгиледи.
Анын айтымында, туризмдин өсүшү айыл тургундарына түздөн-түз өз жеринде киреше табууга шарт түзүп, шаарларга көчүп кетпестен иштөө мүмкүнчүлүктөрүн пайда кылат.
Кубатов ошондой эле президент Садыр Жапаров буга чейин туризмди өнүктүрүүнүн зарылдыгы тууралуу бир нече жолу айтып, ар бир үй-бүлөнү чет өлкөлүк жана ички туристтерди кабыл алууга даярданууга чакырганын эске салды.
Кубатовдун пикиринде, бул ыкманы ишке ашыруунун мезгили эми келип жетти, анткени Кыргызстан эл аралык туристтик рынокто барган сайын таанымал багытка айланууда.




















