Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Өзбекстандык компания Ооганстандагы газ кенин өздөштүрө баштады

  • Өзбекстан
  • 25.02.2026 11:33

Loading

Өзбекстан менен Ооганстандын бийлиги Тути-Майдан газ кенин өздөштүрүү иштерине старт беришти. Аземге «Өзбекнефтегаз» компаниясынын башчысы жана энергетика министринин биринчи орун басары катышты. Долбоорду 25 жылдык мөөнөткө ишке ашыруу боюнча келишимге өзбекстандык Eriell KAM компаниясы кол койгон.

Ооганстанда өзбекстандык компаниянын катышуусунда газ кенин өздөштүрүү иштери башталды. Бул тууралуу Ооганстандын экономика маселелери боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучунун орун басары Абдул Гани Барадар Ахунддун басма сөз кызматы билдирди.

Кеп өлкөнүн түндүгүндөгү Жаузжан жана Фарьяб провинцияларында жайгашкан Тути-Майдан кениндеги газды чалгындоо жана казып алуу долбоору тууралуу болууда.

Тема боюнча

Өзбекстан менен Омандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү пландалууда

Өзбекстан менен Омандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү пландалууда

18.11.2026

TOLO News Ооганстандын Тоо-кен өнөр жайы жана мунай министрлигине таянып, 25 жылдык келишим эл аралык KAM Group жана өзбекстандык Railcom компаниялары менен түзүлгөнүн жазды. Кыязы, KAM Groupтун өнөктөшү катары мурда Өзбекстан өкүлдөрү атаган Eriell компаниясы чыгууда. Барадардын сөз сүйлөгөн видеосунда Eriell KAM логотибин да көрүүгө болот.

14-сентябрда Балх провинциясында өткөн иш-чарага Абдул Гани Барадар, Өзбекстандын энергетика министринин биринчи орун басары Бахтиёр Маматкаримов, Узбекнефтегаз компаниясынын төрагасы Баходиржон Сидиков, Өзбекстандын президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашев жана башкалар катышты.

Барадар мындай ири долбоордун ишке ашырылышы Ооганстандын инвестицияларга даяр экенин көрсөткөнүн белгиледи.

Анын айтымында, бул долбоор өлкөнүн газ жана электр энергиясын импорттоого болгон көз карандылыгын азайтып, чет өлкөлүк валютанын чыгышын кыскартат жана келечекте газды экспорттоого негиз түзөт.

Тоо-кен өнөр жайы жана мунай министринин милдетин аткаруучу Хидаятулла Бадри Өзбекстан менен түзүлгөн акыркы келишимдер эки өлкөнүн экономикалык кызматташуусун бекемдей турганын айтты.

Исматулла Иргашев Өзбекстандын Ооганстандагы ири экономикалык долбоорлорду колдоого даяр экенин ырастады.

Ооганстандын Тоо-кен өнөр жайы жана мунай министрлигинин маалыматына ылайык, Тути-Майдан кени 7500 чарчы чакырым аймакты ээлейт. Бул жерде 30га жакын скважина бургуланган жана жаратылыш газынын олуттуу коруна ээ.

Долбоор тууралуу

Өткөн жылдын октябрында Исматулла Иргашев Eriell KAM компаниясы Ооганстандагы газ кенин өздөштүрүү боюнча келишим түзгөнүн билдирген. Анын айтымында, Өзбекстан 25 жыл бою жыл сайын 100 млн доллар инвестиция салат жана өндүрүлгөн газды кайра иштетет.

Хидаятулла Бадри алгачкы эки жылда казылган газ 100 МВт электр энергиясын өндүрүүгө пайдаланыларын белгилеген.

Иргашевдин маалыматы боюнча, Тути-Майдан газ кору 3 трлн кубометр деп бааланууда. Долбоорду өзбек-ооган биргелешкен Eriell KAM компаниясы ишке ашырат.

Анын айтымында, инженерлер 8 эски скважинанын ишин калыбына келтирүүнү изилдеп жатышат. Алгачкы эки жылда бир нече миллиард кубометр газ өндүрүү пландалууда. Келишимге ылайык, Өзбекстан жыл сайын 100 млн доллардан инвестиция салып, 10 жыл ичинде жалпы инвестиция көлөмүн 1 млрд долларга жеткирет.

Eriell KAM тууралуу

Eriell KAM компаниясы 2024-жылдын 13-октябрында Сурхандарья облусунун Термез районунда — Ооганстан менен чек арага жакын аймакта катталган. Негизги ишмердиги — жаратылыш газын казып алуу. Уставдык капиталы 12 млрд сумду түзөт.

Компаниянын жетекчиси Нодиржон Насимжонович Бобоев, ал эми жалгыз негиздөөчүсү — Eriell Group Entities. Бул компания өз кезегинде Eriell Managment (50%) жана Kam Energy Int (50%) компанияларына таандык.

Kam Energy Int ооган ишкери Замари Камгарга таандык. Ал Kam Group холдингинин негиздөөчүсү жана ээси. Холдингдин курамына Kam Air авиакомпаниясы, Kam Energy энергетикалык компаниясы, UzAf Trade Company, Eagle Trading & Logistics, Kam Construction, Kamgar Gold, Royal Eagle Petrol, Kam Oil жана башка ишканалар кирет.

Ал эми Eriell Managment компаниясы Нодиржон Бобоевге (51%) жана Ходзидакис Николай Василиске (49%) таандык.

Өзбекстанда мунай-газ тармагында Eriell бренди менен 2004-жылы негизделген компаниялар тобу иш алып барат. Алар мунай-газ тармагындагы ишканалар үчүн скважиналарды куруу жана капиталдык оңдоо кызматтарын көрсөтөт. Eriell Groupтун башкармалыгынын төрагасы жана бенефициары катары ишкер Бахтиёр Фазылов көрсөтүлгөн.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Газөзбек-ооган кызматташтыгыӨзбекстан
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Өзбекстан менен Омандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү пландалууда

Өзбекстан менен Омандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү пландалууда

18.11.2026
Ш. Мирзиёев дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кирди: Өзбекстандын президенти эмнеси үчүн белгиленди?

Ш. Мирзиёев дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кирди: Өзбекстандын президенти эмнеси үчүн белгиленди?

14.11.2026
Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026
Европадагы энергетикалык кризис: чоо-жайы

Европадагы энергетикалык кризис: чоо-жайы

28.10.2026
Түркмөнстан эл аралык мунай-газ форумунда инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды

Түркмөнстан эл аралык мунай-газ форумунда инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды

23.10.2026
Өзбекстан менен Япониянын Ямагата префектурасы жумушка орноштуруу жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты

Өзбекстан менен Япониянын Ямагата префектурасы жумушка орноштуруу жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты

23.10.2026
Өзбекстандыктар эң көп чыккан чет өлкө – Кыргызстан

Өзбекстандыктар эң көп чыккан чет өлкө – Кыргызстан

21.10.2026
Кыштын  алдындагы энергетикалык кризис: Европа канчалык туруктуу?

Кыштын  алдындагы энергетикалык кризис: Европа канчалык туруктуу?

16.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.