Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин мамлекет башчысы биргелешкен бизнес-форумдун ачылыш аземине катышкан.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өз сөзүндө Омандын султаны Хейсам бин Тарик Аль Саид менен жогорку деңгээлде өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр жана анын жыйынтыгында жетишилген макулдашуулар эки тараптуу мамилелерди сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрөрүнө ишеним билдирди.

Сапардын алкагында жалпы суммасы 5 млрд долларды түзгөн биргелешкен долбоорлордун портфели түзүлдү.
Кызматташтыкты беш артыкчылыктуу багытка топтоо сунушталды. Алар:
- өнөр жай кооперациясы;
- транспорт жана логистика;
- заманбап шаар куруу жана туризм;
- минералдык ресурстарды өздөштүрүү;
- финансы жана санариптик технологиялар.

Тактап айтканда, электротехника тармагында омандык компаниялар менен кабель жана трансформатордук продукцияларды биргелешип өндүрүү, андан соң аларды коңшу өлкөлөргө экспорттоо боюнча макулдашууга жетишилгени белгиленди.
Транспорт жана логистика тармагында Омандын деңиз портторунун мүмкүнчүлүктөрүн жана Өзбекстандын Борбор Азиядагы стратегиялык дараметин бириктирүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
Ошондой эле Сохар шаарында логистикалык инфраструктура түзүү, бирдиктүү соода-логистикалык платформаны калыптандыруу, авиакаттамдардын санын көбөйтүү жана жүк ташуучу аба каттамдарын жолго коюу сунушталды.

Жаңы Ташкент долбооруна омандык инвесторлордун катышуусуна жогору баа берилди. Жаңы шаарда курула турган «Маскат» кварталы эки элдин достугунун жаркын символуна айланарына ишеним билдирилди.
Мындан тышкары, химия өнөр жайы, геологиялык чалгындоо жана минералдык ресурстарды терең кайра иштетүү тармактарында биргелешкен инвестициялык долбоорлор иштелип чыкканы белгиленди.

Финансы жана санариптик технологиялар тармагындагы практикалык кызматташтык да кеңейүүдө. Атап айтканда, спутниктерди учуруу боюнча биргелешкен ишкана түзүү багытында иштер жүргүзүлүүдө.
Президент омандык ишкерлерди Өзбекстандагы келечектүү долбоорлорго активдүү катышууга чакырды. Ошондой эле ар бир инвестор үчүн жагымдуу шарттарды жана ишенимдүү инвестициялык чөйрөнү түзүүгө, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Муну менен катар Оманда ишкердикти өнүктүрүү жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн түзүлгөн кеңири мүмкүнчүлүктөргө жогору баа берилди. Өзбекстандык компанияларга бул өлкөнүн рыногуна активдүү чыгуу сунушталды.
Форум эки өлкөнүн экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүгүн жаңы практикалык мазмун менен толуктоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирилди.


















