Өзбекстандын бир катар облустарында таштанды ташыган унаалар тиричилик таштандыларын сигнал басуу ыкмасы менен эмес, классикалык музыканын коштоосунда чыгара баштады.
Бул тууралуу республиканын Экология министрлиги билдиргенин Sputnik Өзбекстан жазды.
«Калктуу конуштардан эртең менен таштанды чыгаруунун сигналдык ыкмасына карата тургундардын нааразычылыктары көбөйүп жатканына байланыштуу таштанды чыгаруунун жаңы ыкмасын колдонуп көрүү чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.
Учурда бул ыкма Ташкент, Кашкадарыя жана Бухара облустарында сыналууда. Ар бир районго бирден атайын транспорт бөлүнгөн, эми унаа келгени катуу сигнал менен эмес, классикалык музыканын коштоосунда билдирилет.
Бул аймактарда жаңы ыкма ийгиликтүү киргизилсе, анда ал бүткүл республика боюнча ишке киргизилет.