Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Курман айт майрамынын алдында социалдык колдоо программасын бекитти. Анын алкагында 690 миллиард сум бөлүнүп, 8 миңден ашык жетим жана оор илдеттен жабыркаган балдарга, ошондой эле аярлуу үй-бүлөлөргө масштабдуу социалдык-экономикалык жардамдар көрсөтүлүүдө.
Бул маалыматты Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы жарыялады.
“Программа оор жана майып оорулар менен жабыркаган 10 000 баланын операцияларына, рак, гематология жана онкогематология диагнозу коюлган 2300 бейтаптын медициналык кароосуна, дарылануусуна жана операцияларына, ошондой эле кеминде 350 адамдын боорун жана бөйрөгүн трансплантациялоого кеткен чыгымдарын камтыйт. 8000ден ашык жетим балдардын жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын, ошондой эле Мекендин чек араларын коргоодо курман болгон аскер кызматкерлеринин балдарынын аманат эсептерине ар бири 200 доллардан которуу пландаштырылууда”, – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, мамлекеттик колдоо алган үй-бүлөлөргө, жалгыз бой жана жалгыз кары-картаңдарга, ошондой эле камкордукка муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга азык-түлүк пакеттери берилет. Андан тышкары, калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 500 мечит кайра курулат же оңдолуп, заманбап даараткана курулуп, жергиликтүү көрүстөндөр жакшыртылат.
Ошондой эле, социалдык жактан аялуу топтор үчүн кайрымдуулук дасторкондорун даярдоо, ошондой эле зыярат жайларында жана диний билим берүү мекемелеринде курмандык чалуу пландаштырылууда.
Бул иш-чаралар “Вакф” коомдук кайрымдуулук фондуна бөлүнгөн 690 миллиард сум менен каржыланат.


















