Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Өзбекстан умрага зыяратчыларды жөнөтүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу республиканын Дин иштери боюнча комитети билдирди.
Аймактагы жаңжалдын күчөшүнө байланыштуу бир катар Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө аба мейкиндиги жабылып, каттамдар токтотулгандыктан, Өзбекстандан умрага баруу убактылуу токтотулду.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө жарандарын аталган аймакка баруудан карманууга катуу сунуштады. Ал эми учурда ошол жакта жүргөн жарандарга коопсуздук чараларын күчөтүү эскертилди.
«Учурдагы кырдаалды эске алуу менен, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана туроператорлор тарабынан уюштурулган умра сапарлары убактылуу токтотулат», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле 2026-жылдын 2-мартына пландалган Ташкент – Жидда каттамы да жокко чыгарылганы маалымдалды. Бул каттам Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган.
«Каттамдардын кайра жанданышы тууралуу маалымат расмий каналдар аркылуу берилет. Жарандардан кырдаалды туура түшүнүп, расмий маалыматка гана таянууну суранабыз», — деп билдирүүдө белгиленет.
Хаж (Меккеге зыярат) — ислам дининин беш парзынын бири. Ал Аллага ишенүү (шахада), намаз окуу, зекет берүү жана орозо кармоо сыяктуу эле маанилүү. Умра же кичи хаж жылдын каалаган мезгилинде аткарылат, ал эми чоң хаж белгилүү убакытта гана өтөт.
28-февралда АКШ жана Израиль Иранга каршы аскердик операция баштаган. Соккулар Ирандын ири шаарларына, анын ичинде Тегеранга жасалган. Ак үй чабуулдардын себеби катары Иран тараптан чыккан делген ракеталык жана өзөктүк коркунучтарды атаган.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу масштабдуу жооп чаралары башталганын жарыялаган. Иран тарабынан ракеталык жана учкучсуз аппараттар менен чабуулдар жасалганы кабарланган, Тель-Авив аймагында аба коңгуроолору жаңырган. Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, соккулар Бахрейн, Иордания, Катар, Кувейт, БАЭ жана Сауд Арабиясындагы АКШнын аскердик базаларына да жасалууда.


















