Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жооптуу мекемелерге жүк ташуучу транспорттордун чек арадан өтүү убактысын 20 мүнөткө чейин кыскартууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Өлкөнүн транспорттук-логистикалык системасын өнүктүрүүгө арналган жыйында Ш. Мирзиёев учурдагы геосаясий кырдаал тармактын ишин татаалдаштырып жатканын белгиледи.
Батыш багытындагы жүктөрдү жеткирүү мөөнөтү эки эсеге, чыгымдар 50 пайызга өскөнү, Европа менен болгон айрым чек ара бекеттери жабылганы, башкаларында олуттуу кезек күтүүлөр жаралганы айтылды.
Буга байланыштуу президент транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, тышкы соода каттамдарын диверсификациялоо, электрондук кезек системасын киргизүү жана автотранспорт каражаттарына онлайн мониторинг жүргүзүү боюнча тапшырмалар берген.
Альтернативдик каттамдар аркылуу транзиттик жүк ташууларды ыңгайлаштыруу, ошондой эле өз ара келишимдер негизинде чек ара төлөмдөрүн азайтуу же алып салуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Өзбекстандын жергиликтүү экспедиторлорун колдоо максатында аларды эл аралык ташуулар чөйрөсүндө кошумча нарк салыгынан бошотуу чечими кабыл алынды. Бул тармактагы жергиликтүү компаниялардын үлүшүн 45-50 пайызга чейин жеткирүү каралды.
Эл аралык жүк ташуу көлөмүн эки эсеге көбөйтүү жана транспорттук кызматтардын экспортун 3 миллиард долларга чейин көбөйтүү стратегиялык максаттар катары белгиленди.
Акыркы жети жылдын ичинде Өзбекстандын транспорттук паркы өсүп, автотранспорттун саны жети эсеге, жүк ташуучу автотранспорттун саны 26 миң даанага жеткен. Ал эми эл аралык жүк ташууда жергиликтүү жүк ташуучулардын үлүшү 35 пайыздан 60 пайызга чейин өскөн.
Эске сала кетсек, Өзбекстанда 2025-жылдан тарта экспортерлордун транспорттук чыгымдарын мамлекеттик бюджеттен субсидиялоо практикасы жоюлган. Мындай чара ДСУнун талаптарын аткаруу үчүн көрүлгөн. Бул максаттарга 2023-жылы 509,9 миллиард сум, 2024-жылы 133,8 миллиард сум бөлүнгөн.
Өзбекстанда жүк ташуучулар менен жүк ташуучуларды бириктирген экспедициялык кызматтардын рыногу 520 миллион долларга бааланат. Алардын 90% үлүшүн чет элдик компаниялар ээлейт.
Буга чейин Казакстан менен Өзбекстанды жаңы темир жол байланыштырары айтылган. Эми Казакстанга жаңы автобус каттамдарын ачууну пландап жатат.


















