Аталган мелдеш Чолпон-Ата шаарынын «Көк-Бөрү» ат майданында өтүүдө. Ага кыргызстандык улуттук спорттун күйөрмандарынан тышкары, чет өлкөлүк туристтер катышып, Көк-Бөрү оюнун кызуу сүрөштү.
Көчмөн маданиятынын туу чокусу болгон бул оюнда Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары А тайпасынын алкагында кез келди.
Арена толугу менен көрүүчүлөргө жык толду. Күйөрмандар кызыктуу оюнга күбө болууда. Өзгөчө маанай өкүм сүрүп, күйөрмандар улуттук курама командабызга активдүү колдоо көрсөтүп, чыныгы патриоттук атмосфераны жаратууда.
Оюн башталган мүнөттөрдөн тарта эле кыргыз улакчылары демилгени колго алып, атаандаштын коргонуу чегин бузуп өтүүгө басым жасашты. Оюндун жүрүшүнүн алгачкы мүнөттөрдө эле тай казанга улакты удаасы менен эки жолу таштаганга жетишти. Мында аттардын даярдыгы, чабендестердин өз ара түшүнүүсү жана тактикалык кадамдар биринчи бөлүктө эле өз жемишин берди.
Өзбекстандын курама командасы коргонууда бекем турууга аракет кылып, каршы чабуулдар менен жооп кайтарганына карабастан, Кыргызстандын командасы чоң артыкчылык көрсөтө алышты.
Эске салсак, Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтүп жатат. 31-августта борбор калаадагы “Бишкек Аренада” Оюндардын ачылыш аземи болуп өттү. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин мелдештер Ысык-Көл облусунда өтүүдө. Оюндарга дүйнөнүн 109 өлкөсүнөн 3 миңден ашуун спортчу катышууда.
Жыйынтыгында таблодо 16:11 эсеби катталып, Кыргызстан жеңишке жетишти.
Турдайым Кожомбердиева,
Чолпон-Ата шаары




















