Түркмөнстан Азербайжанга Иран аркылуу транзиттик жол менен газ экспортоону токтотту. Анткени тараптар 2024-жылга көгүлтүр отунду жеткирүүнүн шарттарын макулдаша албай коюшту. Бул тууралуу “Түркмөнстан хроникасы” агенттиги азербайжандык Trend маалымат булагына шилтеме берип билдирди.
Ал эми Ирандын Mehr маалымат агенттиги Ирандын Улуттук газ компаниясына (NIGC) шилтеме берип, азыркы учурда Ашхабад менен Бакунун ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын, тараптар көйгөйлөрдү чечкенден кийин газ экспорту жанданарын, ошондуктан азырынча экспорт токтоп тургандыгын билдирди.
Баса белгиленгендей, Иран да газды экспортоого кызыкдар. Себеби анын жардамы менен өлкө өзүнүн Түркмөнстан менен чектешкен түндүк аймагын газ менен камсыз кылат. Бул өзгөчө кыш мезгилинде өтө маанилүү.
Азербайжан түркмөн газын 2022-жылдын январынан тартып импорттоп келет.
Белгилей кетүүчү жагдай, 2022-жылы бул схема аркылуу Түркмөнстан Азербайжанга 0,9 млрд кубометр, 2023-жылы – 2,6 млрд. кубометр газ экспорттогон.
«Азербайжан 2024-жылы Түркмөнстандан үч миллиард кубометрге чейин газ алууну пландаштырган, бирок коммерциялык шарттар жана күн сайын канча көлөмдө газ алынары азыркыга чейин макулдашыла элек. Жаңы жылдык майрамдардан кийин бул багытта консультациялар улантылууда», — деп белгилейт Trend Азербайжан өкмөтүндөгү булактын сөзүнө таянып.



















