Жакында Telegram мессенджеринде Stories функциясы пайда болот, деп билдирди мессенджердин негиздөөчүсү Павел Дуров.
Функция июль айында ишке киргизилет.
Тема боюнча:
Дуровдун айтымында, Telegram колдонуучулары бул функцияны киргизүүнү көптөн бери сурап келишкен.
“Жакында Stories функциясын Telegram форматында ишке киргизебиз”, – деп айтылат анын Telegram-каналындагы билдирүүсүндө.
Учурда форматты тестирлөө аяктап жатат, функция июль айынын башында колдонуучуларга жеткиликтүү болот, деди Дуров.
Ал ошондой эле колдонуучуларга Stories бөлүмүндөгү постторду көрө алгандардын тизмесин тандоого уруксат берилерин белгиледи.
Stories чат тизмесинин жогору жагындагы бөлүмгө жайгаштырылып, 6, 12, 24 же 48 саат бою же жеке жөндөөлөр менен биротоло калтырып койсо болот.
Жаңы функцияга ошондой эле сүрөт жана видеону түзөтүү куралдары, коштомо жазууларды жана башка адамдарды белгилөө мүмкүнчүлүгү кошулат.