Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында медайымдар үчүн Германиянын медициналык академиясы ачылды. Эми Берлиндин клиникаларында жумуш издегендер Өзбекстанда кесиптик жана тилдик окутуудан өтө алышат. Бүтүрүүчүлөр эки өлкө тарабынан таанылган диплом жана жумушка орношуу сертификатка ээ болушат.
Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына таянып gazeta.uz басылмасы жазды.
“Ташкентте Абу Али ибн Сина атындагы №1 Республикалык коомдук саламаттыкты сактоо колледжинде медайымдар үчүн Германиянын медициналык академиясы ачылды”,- деп айтылат маалыматта.
2025–2026-окуу жылында ал немис клиникаларында иштей ала турган 750 медайым жана фельдшерди окутат.
Академия Германияда иштөөнү пландап жаткан талапкерлерди максаттуу кабыл алуу программасы аркылуу кабыл алат. Окутуу үч жылга созулат жана толугу менен немис медициналык стандарттарына ылайык жүргүзүлөт. Бүтүрүүчүлөр эки өлкө тарабынан таанылган дипломду, ошондой эле B2 немис тили сертификатын алышат.
Программа өлкө боюнча 15 Абу Али ибн Сина атындагы техникалык окуу жайында акырындан ишке ашырылат. Бүтүрүүчүлөр расмий түрдө Германияда орто деңгээлдеги квалификациялуу адистер катары иштей алышат жана зарыл болгон учурда үй-бүлө мүчөлөрүн өздөрү менен кошо ала келишет.
Долбоор Миграция агенттиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Жогорку билим берүү, илим жана инновация министрлиги, Аахен университеттик ооруканасы (Германия) жана швейцариялык Globogate Concept компаниясы менен биргеликте ишке ашырылган.


















