АКШ менен Израилдин Иранга каршы жасаган чабуулдарын колдоп келген Германиянын тышкы иштер министри Иран менен болгон жаңжалды аскердик жол менен чечүү мүмкүн эместигин билдирди.
Ошондой эле ал аймакта чыңалуунун жаңы айлампасы эч кандай шартта башталбашы керектигин белгиледи.
Министрдин баса белгилешинче, эгер куралдуу жаңжал чыгып кетсе, анын кесепеттерин аймактагы өлкөлөр гана эмес, дүйнөлүк экономика жана Европанын жарандары да оор сезишет.
Бул билдирүүлөр айтылып жаткан учурда Brent үлгүсүндөгү чийки мунайдын баасы акыркы алты айдагы эң жогорку деңгээлге жетти.

















