Kazinform агенттигинин маалыматына караганда, Таиланддын чек арасына жакын жерде мигранттарды ташыган кайык оодарылып, кеминде жети адам каза болду.
Он чакты адам дайынсыз жоголуп, болгону 13 адам куткарылган. Лангкави курортуна жакын жерден табылган аман калгандардын арасында үчөө Мьянмадан, экөө рохинджа улутунан жана бири Бангладеш жараны болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кайыкта мыйзамсыз мигранттар болгон. Алар Мьянмадан чыгып, жалпысынан 300гө жакын адамдан турган чоң топтун курамында болушкан. Алгач алар чоң кемеде жүрүшүп, Малайзия жээктерине жакындаганда бир нече кичине кайыкка бөлүнүшкөн.
Оодарылган кайыкта болжол менен 90 адам болгон жана ал Таиланддын Тарутао аралынын жанында, Лангкавинин түндүк тарабында чөгүп кеткен. Бул тууралуу Малайзиянын Кедах штатынын полиция башчысы Адзли Абу Шах билдирди. Жээк кайтаруу кызматынын маалыматына караганда, кырсык бейшемби күнү болгон.
Free Malaysia Today басылмасы жазгандай, Мьянмадан келген башка мигранттар түшкөн дагы эки кайык да дайынсыз жоголгон. Адзлинин айтымында, иликтөө көрсөткөндөй, бардык мигранттар башында чоң кемеге түшүп, алар Малайзия жээгине жакын жерге келишкен. Андан кийин алар үч кичине кайыкка бөлүнүшкөн, ар биринде болжол менен 100дөн киши болгон.
Мындан мурда Йемендин жээгинде дагы бир кайык кырсыгы болуп, Эфиопиядан чыккан мигранттар түшкөн кайык чөгүп, кеминде 76 адам каза болгон, ондогон адамдар дайынсыз жоголгон. Ошондой эле Түркиянын Айваджик жээгинде да мыйзамсыз мигранттар түшкөн кайык чөгүп, 9 адам каза болуп, 25 адам аман калган.



















