Таиланддын премьер-министри Анутин Чарнвиракул ишемби күнү өлкөнүн түштүк бөлүгүндө болгон катуу суу ташкынынан кеминде 162 адам каза тапкан аймактарды калыбына келтирүү жана компенсация төлөө пландарын жарыялады, деп жазат Associated Press.
Өлкөнүн Табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин азайтуу министрлиги ишемби күнү билдиргендей, 12 түштүк провинциясында нөшөрлөп жааган жаандан улам пайда болгон селден 1,4 миллиондон ашык үй-бүлө жана 3,8 миллион адам жабыркады.
Өкмөт өкүлү Сирипонг Ангкасакулкиат Бангкок шаарындагы маалымат жыйында сегиз провинцияда 162 адамдын каза болгону ырасталганын, анын ичинде Сонгкхла провинциясында гана 126дан кем эмес адамдын өмүрү кыйылганын билдирди. Селдин масштабы жана курмандыктардын көптүгү өкмөттү кеңири сынга алууга алып келди.
Анутин ишемби күнү журналисттерге өкмөттүн сел менен күрөшүүдөгү кемчиликтерин моюнга аларын билдирип, жабыркаган аймактарды кыдырган учурда «өкмөт силерге кам көрө албай, коргой албай калганына» элден кечирим сураганын айтты.
Таиланддын премьер-министри келерки жумада өкмөт селден жабыркагандарга компенсация төлөй баштай турганын билдирди.
Ал ошондой эле кошумча жардам чараларын жарыялады, анын ичинде карыздарды төлөөнү убактылуу токтотуу, ишканаларга жана үйлөрдү оңдоо үчүн пайызсыз кыска мөөнөттүү насыяларды берүү камтылган.
Табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин азайтуу департаменти ишемби күнү таң эрте бардык жабыркаган провинцияларда суунун деңгээли төмөндөй баштаганын билдирди. Видеотасмаларда мурда суу алдында калган үйлөрүнө жергиликтүү тургундардын кайтып келип, келтирилген зыянды баалап жатканы көрүнөт.
Куткаруу иштери улантылган сайын табылган адамдардын курмандыктарынын саны көбөйүүдө. Өкмөт өкүлү Сирипонг король Маха Вачиралонгкорн суу ташкынынан катуу жабыркаган Хатъяй ооруканасына 100 миллион бат (3,11 миллион доллар) жардам катары бөлөрүн жана селде каза болгон бардык адамдардын жаназалары үчүн королдук колдоо көрсөтөрүн билдирди.


















