7-августта, жума күнү эртең менен Бангкоктун түндүк-батышындагы Нонтхабури провинциясында 14 жаштагы мектеп окуучусу ок атып, жети адамдын өмүрүн алды. Кол салуудан кийин өспүрүм өз жанын кыйган. Бул тууралуу Associated Press расмий өкүлдөргө таянып билдирди.
Каза болгондордун жетөөөнүн бешөө — Debsirin Nonthaburi мамлекеттик мектебинин кызматкерлери, анын ичинде мугалимдер жана административдик персонал. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, билим берүү мекемесиндеги атышуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00 чамасында башталган.
Мындан тышкары, полициянын маалыматына ылайык, каза болгондордун арасында шектүүнүн чоң энеси менен чоң атасы да бар. Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда, алар мектепке кол салуудан бир аз мурда каза болушкан. Атышуудан кийин полиция кызматкерлери алардын үйүнө барып, ок атуучу куралдан жаракат алган эки адамдын сөөгүн табышкан.
Таиланддын премьер-министри Анутин Чарнвиракул трагедиядан кийин мектепке барып, кол салган адамдын 14 жашта болгонун жана окуядан кийин өз жанын кыйганын ырастады. Өкмөт башчысынын айтымында, өспүрүм чоң энеси жана чоң атасы менен жашаган жана окуусуна байланыштуу катуу стресске кабылган. Ошондой эле кол салууда колдонулган чакан калибрдеги тапанча анын чоң атасынын атына катталганы маалымдалды.

Мектептен болжол менен беш чакырым алыстыкта жайгашкан Бангъяй ооруканасына 23 жабырлануучу жеткирилди. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, алардын ону оор абалда. Жабыркагандардын көпчүлүгү ок атуучу куралдан жаракат алышкан.
Окуянын күбөсү журналисттерге билдиргендей, коңшу имараттан ок атылып жаткан учурда окуучулар класстарга жашынышкан. Полиция эвакуация үчүн жол ачкан.
Полиция кызматкерлери үйдө иш алып барып жаткан учурда ошол жерде болгон өспүрүмдүн туугандары — анын агасы жана чоң атасынын эжелери — анын токтоо мүнөздүү, бирок сабакты жакшы окуган бала болгонун айтып беришкен. Алардын айтымында, өспүрүмдүн үйүндө же мектепте кандайдыр бир көйгөйлөрү бар экенинен кабардар болушкан эмес.
Associated Press агенттиги 2017-жылы Small Arms Survey жүргүзгөн жана GunPolicy.org сайтында жарыяланган изилдөөгө таянуу менен белгилегендей, Таиландда 100 тургунга 15,1 катталган ок атуучу курал туура келет. Бул Азиядагы Пакистандан кийинки экинчи көрсөткүч. Салыштыруу үчүн, Малайзияда бул көрсөткүч 100 адамга бирден да аз куралды түзөрүн агенттик белгиледи.
World Population Review уюмунун 2023-жылдагы маалыматына ылайык, Таиландда ок атуучу куралдан каза болгондордун көрсөткүчү 100 миң адамга 3,49 учурду түзөт. Бул Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат: бул көрсөткүч Филиппинде гана жогору.



















