Президент Дональд Трамптын экинчи мөөнөтү башталгандан бери АКШдан 500 000ден ашык мыйзамсыз мигрант депортацияланган, дагы 1,6 миллион адам өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кеткен. Бул көрсөткүч жыл аягына чейин 600 000 адамга жетиши мүмкүн.
Өз ыктыяры менен депортацияланууну каалагандарга 1000 доллар жана акысыз учуу билети берилиши ыктымыл.
Бул тууралуу АКШнын Ички коопсуздук департаментинин билдирүүсүнө шилтеме берип РИА Новости жазды.
“АКШдан эки миллиондон ашык мыйзамсыз мигрант чыгып кеткен, анын ичинде 1,6 миллиону өз ыктыяры менен депортацияланган жана 527 000ден ашыгы депортацияланган”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, департамент жакында депортация боюнча жаңы рекорддорду коюп, Трамптын биринчи жылынын аягына чейин болжол менен 600 000 адамды чыгарып жибериши мүмкүн.
Департамент АКШ өз ыктыяры менен депортациялангысы келгендерге 1000 доллар төлөм жана акысыз учуу мүмкүнчүлүгүн сунуштай турганын белгиледи.
АКШнын 47-президенти катары алгачкы сөзүндө Трамп инаугурация күнүндө АКШга мыйзамсыз иммиграцияны дароо токтотуп, миллиондогон мигранттарды экстрадициялоо процессин баштоого убада берген. Ошондой эле ал АКШнын түштүк чек арасындагы кырдаалга байланыштуу улуттук өзгөчө кырдаал жарыялаган.


















