Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчылыгына Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлиги эл аралык дипломатиялык чөйрөдө мүмкүн болгон компромисстик вариант катары гана талкууланып жаткандыктан, анын кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетиши тууралуу сөз кылууга азырынча эрте.
БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги пикир келишпестиктерден улам Лана Нусейбе, Сигрид Кааг, Вук Еремич жана Виктор Орбан сыяктуу башка ысымдар да көшөгө артында каралууда, бирок Токаев расмий талапкер эмес. Бул маселе БУУдагы тандоо процесси реалдуу түрдө Казакстандын лидеринин талапкерлиги өткөн учурда гана юридикалык күн тартибине чыгышы мүмкүн.
Мындай пикирин мамлекеттик ишмер, эл аралык эксперт Токон Мамытов “Евразия Тудей” агенттигине билдирди.
“Менин оюмча, бул жерде үч нерсени так ажыратуу зарыл.
Биринчиден, Токаев азырынча БУУнун Башкы катчылыгына расмий талапкер эмес. Анын аты мүмкүн болгон компромисттик вариант катары гана дипломатиялык чөйрөдө айтылып жатат.
Экинчиден, эгер мындай сценарий реалдуу болуп, Токаев БУУнун Башкы катчысы болуп дайындалса, Казакстандын ичинде бийликти өткөрүп берүүнүн конституциялык механизми бар. Президенттин ыйгарым укуктары биринчи кезекте вице-президентке өтөт, андан кийин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлөт.
Үчүнчүдөн, ошондуктан азыр Токаевдин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетиши жөнүндө сөз кылууга эрте. Бул маселе БУУдагы тандоо процесси реалдуу түрдө Токаевдин кандидатурасына өткөн учурда гана юридикалык күн тартибине чыгат”, – деди саясатчы.
Токон Мамытов белгилегендей, эгер мындай сценарий ишке ашса, анын тарыхый мааниси чоң болмок.
“Эгер бул сценарий иш жүзүнө ашып кала турган болсо, Борбордук Азиядан чыккан биринчи саясатчы БУУнун Башкы катчылыгын жетектөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок.
Бирок бүгүнкү күндө муну факт эмес, мүмкүн болгон дипломатиялык сценарий катары гана кароо туура”, – деди ал.
Эске сала кетсек, БУУнун азыркы Башкы катчысы Антониу Гутерриш эки мөөнөт иштегенден кийин, 2026-жылдын аягында кызматын тапшырат. Анын кызмат ордуна жети расмий талапкер ат салышууда. Алар:
• Кэролин Родригес- Биркетт (Гайана)
• Ребека Гринспан (Коста-Рика)
• Рафаэль Гросси (Аргентина)
• Мария Фернанда Эспиноса (Эквадор)
• Маки Салл (Сенегал)
• Олара Отунну (Уганда)
• Ивонн Баки (Эквадор)
Буга чейинки Коопсуздук Кеңешинде өткөн жашыруун алдын ала добуш берүүлөрдө талапкерлердин эч бири зарыл болгон чечүүчү артыкчылыкка ээ боло алган эмес.
Ал эми БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин ысымы үч негизги себептен улам көшөгө артында компромисстик вариант катары каралган.
Ал 2011–2013-жылдары БУУнун Башкы катчысынын орун басары жана уюмдун Женевадагы бөлүмүнүн Башкы директору кызматтарын аркалаган. Бул тажрыйба ага уюмдун глобалдык күн тартибин түзүүдө жана эл аралык конфликттерди жөнгө салууда түз катышууга мүмкүнчүлүк берген.
Токаев эл аралык деңгээлдеги дипломат гана эмес, Казакстандын ички жана тышкы саясатын калыптандырган негизги фигуралардын бири. Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министри жана Премьер-министри кызматтарын ийгиликтүү аткарып, кризистик кырдаалдарда чечим кабыл алуу жөндөмүн көрсөткөндөн тышкары, геосаясатта Батыш өлкөлөрү, Кытай жана Россия менен тең салмактуу, конструктивдүү диалог жүргүзүү саясатын карманып келет.
Азыркы учурда Токаев Казакстандын Президенти катары өз кызматын улантууда. Анын ысымы дипломатиялык чөйрөдө туңгуюктан чыгуунун бир варианты катары гана каралып жаткандыктан, маселе расмий күн тартибине киргенде гана анын кийинки кадамдары юридикалык негизде чечиле башташы мүмкүн.



















