Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ермек Сагимбаевди Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) төрагасы кызматынан бошотту. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Токаевдин дагы бир жарлыгы менен УККнын жаңы төрагасы болуп буга чейин комитеттин төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген Марат Ирменов дайындалды.
Ермек Сагимбаев УККнын төрагасы кызматын 2022-жылдын январь айынан бери аркалап келген. Ал 2026-жылдын август айында бул кызматка кайрадан дайындалган. Ал эми Марат Ирменов 2025-жылдын октябрь айынан бери УКК төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.
12-ноябрда Улуттук коопсуздук комитети «Самрук-Казына» улуттук жыргалчылык фондунун башкармалыгынын төрагасы Нурлан Жакуповду, «Казакстан темир жолу» улуттук компаниясы» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Елжас Отыншиевди, ошондой эле коррупциялык кылмыш жасоого шектелген башка адамдарды кармаганын билдирген.
Ошол учурда ведомство кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.
Коррупциялык кылмыштарды тергөө менен УККнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы алектенет. Бул ыйгарым укуктар 2025-жылдын июнь айында Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүлүп берилген.
«Самрук-Казына» фондунун жана «Казакстан темир жолу» компаниясынын жетекчилери кармалгандан кийин, тактап айтканда, эртеси күнү президент Касым-Жомарт Токаев ошол кезде УККнын төрагасы болуп турган Ермек Сагимбаевди кабыл алган.
Жолугушууда тараптар коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин талкуулашкан. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчысы Сагимбаевге улуттук коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгүнүн бир катар багыттары боюнча тапшырмаларды берген.



















