Бүгүн, 8-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-кезектеги сессиясы уюмдун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында өз ишин баштайт.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын ачылышында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш жана жаңы сессиянын президенти, Бангладештин өкүлү Халилур Рахман сөз сүйлөшөт. Эртең менен Халилур Рахман ант берет.
Жогорку деңгээлдеги жуманын алкагында 22-сентябрда өтө турган жалпы дебаттарда мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчылары сөз сүйлөшөт. Ага 100дөн ашык мамлекет башчысы жана 46 өкмөт башчысы, ошондой эле министрлер менен элчилерди кошкондо көптөгөн делегациялардын катышуусу күтүлүүдө.
Башкы Ассамблея ошондой эле дүйнө лидерлеринин катышуусунда бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт. Алардын арасында Өнүгүү укугу жөнүндө декларациянын кабыл алынганына 40 жыл толушуна арналган жыйын, климаттык аракеттер жана адилеттүү өтүү боюнча жолугушуу, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнөн келип чыккан экзистенциалдык коркунучтарга арналган жыйын, ошондой эле пандемиялардын алдын алуу, аларга даярдык көрүү жана жооп кайтаруу чаралары боюнча жолугушуу бар.
Мындан тышкары, өзөктүк куралды толук жоюунун эл аралык күнүн белгилөөгө жана алдыга жылдырууга арналган жогорку деңгээлдеги пленардык жыйын өткөрүлөт.
Сессия 2027-жылдын 7-сентябрына чейин уланат. Анын ишинин биринчи айындагы негизги иш-чара салттуу түрдө мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчылары, ошондой эле тышкы иштер министрлери катышкан жогорку деңгээлдеги жалпы дебаттар болот.
Сессия уланып жаткан эл аралык жаңжалдардын, БУУнун каржылык кыйынчылыктарынын жана уюмду реформалоо аракеттеринин фонунда өтөт. Алдыдагы жылдын негизги окуяларынын бири жаңы башкы катчыны шайлоо болот. БУУну 2017-жылдан бери жетектеп келе жаткан Антониу Гутерриштин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2026-жылдын 31-декабрында аяктайт. Жалпы дебаттар 22–26-сентябрда жана 28-сентябрда өтөт.


















