2027-жылдын 1-январында Антониу Гутерриштин ордуна келе турган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жаңы Башкы катчысын шайлоо геосаясий пикир келишпестиктерден улам туңгуюкка кептелди. Көшөгө артындагы сүйлөшүүлөрдө компромисстик талапкер катары Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин ысымы талкууланууда.
Коопсуздук Кеңешиндеги туңгуюк
Коопсуздук Кеңешинде өткөн үч раунддук жашыруун алдын ала добуш берүүдөн кийин расмий талапкерлердин эч бири — Ребека Гринспан, Кэролин Родригес-Биркетт жана Мария Фернанда Эспиноса — чечүүчү артыкчылыкка ээ боло алган жок.
Негизги тоскоолдук — геосаясий пикир келишпестиктер жана Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн бири-бирине вето коюу коркунучу.
Нью-Йоркто жабык эшик артында эмне болуп жатканын 2026-жылдын 21-сентябрында британиялык The Guardian басылмасы маалымдаган.
Компромисс издөө
БУУдагы туңгуюкка байланыштуу Батышты да, Чыгышты да канааттандыра турган таасирдүү талапкерлерди издөө башталды.
Мүмкүн болгон талапкерлердин катарында Лана Нусейбе, Сигрид Кааг, Вук Еремич, Виктор Орбан жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бар.
Токаевдин тажрыйбасы бул кызматка ылайыктуу деп эсептелүүдө: ал БУУнун системасын ичинен жакшы билет. Буга чейин Башкы катчынын орун басары кызматын аркалап, уюмдун Женевадагы бөлүмүн жетектеген.
The Guardian басылмасынын белгилешинче, Башкы катчынын кызмат ордуна ким келери АКШ менен Кытайдын ортосундагы жашыруун саясий сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө көп жагынан көз каранды болот.
Төртүнчү жашыруун сурамжылоо
2026-жылдын 29-сентябрында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсүнүн арасында расмий эмес жашыруун сурамжылоо өткөрүлдү. Бул төртүнчү сурамжылоо болду, деп жазат Reuters агенттиги.
Анын жыйынтыгында Коста-Риканын өкүлү Ребека Гринспан кайрадан алдыга чыкты. Ал биринчи жана үчүнчү сурамжылоолордо жеңишке жеткен. Ал эми экинчи сурамжылоодо Гайананын БУУдагы туруктуу өкүлү Кэролин Родригес-Биркетт лидер болгон.
Төртүнчү добуш берүүнүн жыйынтыктары төмөнкүдөй:
| Талапкер | Колдогондор | Каршы болгондор | Калыс калгандар |
|---|---|---|---|
| Ребека Гринспан (Коста-Рика) | 10 | 3 | 2 |
| Кэролин Родригес-Биркетт (Гайана) | 8 | 6 | — |
| Рафаэль Гросси (Аргентина) | 8 | 7 | — |
Рафаэль Гроссиге жети мүчө каршы добуш берсе, Кэролин Родригес-Биркеттке каршы добуш бергендердин саны алтоо болду.
Талапкерлердин жарышы
БУУнун кийинки Башкы катчысы кызматына жалпысынан жети талапкер ат салышууда:
-
Кэролин Родригес-Биркетт (Гайана)
-
Ребека Гринспан (Коста-Рика)
-
Рафаэль Гросси (Аргентина)
-
Мария Фернанда Эспиноса (Эквадор)
-
Маки Салл (Сенегал)
-
Олара Отунну (Уганда)
-
Ивонн Баки (Эквадор)
Буга чейин Чилинин мурдагы президенти Мишель Бачелет талапкерлигин алып салган.
БУУнун азыркы жетекчиси Антониу Гутерриш 2026-жылдын аягында кызматын тапшырат. Ал бул кызматты катары менен эки мөөнөт аркалады.
Жашыруун добуш берүү учурунда Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү талапкерди «колдой турганын», «колдобой турганын» же «пикири жок экенин» белгилешет.



















