Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) Иранда болгон трагедиялуу окуяларга байланыштуу Иран элине жана өкмөтүнө терең көңүл айтты. Бул тууралуу уюмдун расмий билдирүүсүндө айтылды.
Белгиленгендей, ШКУ Ирандагы “жай тургундардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында курмандыктарга, ошондой эле жарандык инфраструктуранын талкаланышына алып келген” акыркы кайгылуу окуяларга олуттуу тынчсыздануусун билдирди.
«Буга байланыштуу Шанхай кызматташтык уюму Иран Ислам Республикасынын элине жана Өкмөтүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат», — деп айтылат Ирандагы кырдаал боюнча уюмдун билдирүүсүндө.
Ошондой эле ШКУ бир тараптуу санкциялар Ирандын экономикалык туруктуулугуна олуттуу терс таасирин тийгизгенин, калктын жашоо шартын начарлатканын жана Иран өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн чектегенин баса белгиледи.
ШКУ Ирандын ички иштерине кийлигишүүгө каршы экенин билдирди.
Белгилей кетсек, Ирандагы нааразылык акциялары 2025-жылдын декабрь айынын аягында улуттук валютанын девальвациясынан улам башталган, бирок кийинчерээк башаламандыкка айланган.
Башаламандыктар учурунда жай тургундар жана укук коргоо кызматкерлери арасында да курмандыктар болду.
Иран бийлиги окуяларга АКШ менен Израилди айыптады.
Ирандагы кырдаал 12-январда көзөмөлгө алынып, башаламандык уюштурган террорчулар кармалды.


















