Ирандын ракеталык системалары Тегеран үчүн “кызыл сызык” болуп саналат жана сүйлөшүүлөрдө талкууланбайт, деп билдирди Ирандын Коргоо кеңешинин катчысы Али Шамхани билдирди.
“Биздин ракеталык системаларыбыз “кызыл сызыктарыбыздын” бири жана сүйлөшүүлөрдө талкууланбайт”, – деди Шамхани Катардын “Al Jazeera” телеканалына берген маегинде.
Ал ошондой эле Ирандын аскерлери жогорку даярдыкта турганын, Тегеранга каршы ар кандай чабуулдарга катуу жооп кайтарарын билдирди.
“Ирандын аскерлеринин даярдык деңгээли жогору. Ар кандай тараптардын туура эмес эсептөөлөрү кымбатка турат. “Иранга каршы багытталган ар кандай авантюрага биз катуу, чечкиндүү жана тийиштүү түрдө жооп беребиз”, – деп баса белгиледи Шамхани.
АКШ менен Ирандын делегацияларынын ортосунда Ирандын өзөктүк программасы боюнча кыйыр сүйлөшүүлөр 6-февралда Омандын борбору Маскатта өткөн. Иран делегациясын тышкы иштер министри Аббас Аракчи, ал эми америкалык делегацияны АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Виткофф жетектеген. Бул жолугушуу 2025-жылдын июнь айында Иран менен Израилдин ортосундагы жаңжалдын күчөшүнөн улам узакка созулган тыныгуудан кийинки биринчи жолугушуу болду. Ал убакка чейин Ислам Республикасы менен Америка Кошмо Штаттары беш жолу консультация өткөрүшкөн.
Тараптар диалогду улантууга макулдашышкан, бирок алгач борбор калааларда консультацияларды өткөрүшөт.
Омандагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Тегеран АКШ менен өзөктүк программага байланыштуу маселелер боюнча гана диалог жүргүзөрүн, өзүнүн ракеталык программасын талкуулабай турганын билдирген.
“Биз азыр да, келечекте да ракеталар боюнча сүйлөшпөйбүз, анткени ал коргонуу маселеси”, – деген Аракчи.


















