Бүгүн, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары айткан маалыматты төгүндөп, Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу жакында башталарын белгиледи.
“Жалпы узундугу 34 чакырымды түзгөн жолдун курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында ишке ашырылганы турат. Бардык керектүү техникалар тартылып, тиешелүү ченемдер жасалууда. Февраль айынын башында курулушка байланышкан жер иштери кадимкидей жүргүзүлө баштайт”, – деди ал.
Аны менен катар төрага жыйынга катышып жаткан Ош шаарынын мэринин орун басарын да аталган маселе боюнча так маалымат берүүгө чакырды.
Кошумчалай кетсек, жыйын учурунда Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Ош шаарын айланып өтүүчү жолду салуу концепция катары мерчемделгени менен курулуш иштери быйыл иш планга киргизилбегенин белгилеген.



















