Президент Садыр Жапаров жетекчилер, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине кайрылуу жасап, алардын ишин сынга алды.
“Урматтуу жетекчилер, айрыкча Бишкек жана Ош шаарынын мэрлери! Электр энергиясын үнөмдөө жана тынчтык мыйзамын камсыздоо максатында тапшырма берсек, силер аны «бөрк ал десе — баш алгандай» ашкере аткарып жиберипсиңер”,-деп жазды президент Садыр Жапаров «Фейсбук» баракчасында.
Өлкө башчы бул кайрылуусунда элдин тынчтыгын бузуп, спирт ичимдиктерин ичип алып ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөөнү тапшырганын белгиледи.
«Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер!
Мындай кылбагыла, токтоткула андай аша чапканды!
Электр энергиясын үнөмдөөнү – биринчи кезекте «ЭМНЕ, МАМЛЕКЕТ ТӨЛӨЙТ ДА» деген кайдыгер жеткечилерди, түнү бою жарыгын күйгүзүп таштап кеткен мамлекеттик ишканалардын имараттарын катуу көзөмөлдөгүлө.
Ал эми тынч иштеп жаткан кичи жайларга барып, алардын тынчын алчу болбогула!», – деп жазган президент.
14-ноябрга караган түнү Бишкек жана Ош шаарларында рейд жүрүп, кафе-ресторандар, оюн зоок жайлар, элге кызмат көрсөтүүчү ишканалар, компьютердик клубдар түнкү саат 22:00дөн жабылыш керектиги айтылып, рейд жүргөн.
Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев тишелүү жетекчилер менен жүргүзгөн рейдинде айрым оюн зоок жайларда отурган адамдарды сыртка чыгышы керектигин айтып, мындан ары аталган жайлар иштебестигин, айрым кафелердин электр энергиясы менен суусун үзүп, ишин бир айга токтотуу тапшырмасын берген.
Мунун алдында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да элге кайралуу жасап, электр энергиясын көзөмөлдөө тапшырмасын койгон.



















