Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн катарында Чехия Республикасында да кыргызстандык эмгек мигранттары менен студенттер бар. Европанын чок ортосунда жайгашкан бул чакан мамлекетте жердештерибиз кандай жумуштарда иштешет жана кайсы окуу жайларда билим алышууда? Биз ушул жана башка суроолор менен Чехиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси, Чехиядагы ардактуу консул Даминова Саадат Кушбаковна менен маектештик.
– Саадаткан Кушбаковна, Чехияда кыргыз диаспарасы түзүлгөн күндөн бери кыргыздардын саны канчага жетти жана кандай жетишкендиктер болду?
-Чехияда азыр 4000ге жакын кыргыз, ал эми расмий маалыматка караганда 1798, анын ичинен 396 студент бар. Студенттерге караганда, эмгек миграциясында ишкерлер, жумушчулар басымдуу. Чехиядагы иштеп жаткан кыргыздардын арасында туристик виза жана жумуш визасы менен келгендер да бар.
Чехия Батыш Европанын деңгээлинде өнүккөн өлкө. Ошондуктан Борбор Азиядан, Чыгыштан, Африкадан да жумушчу күчтөр агылып келип турат. Бирок, ашынган улутчулдар да жок эмес. Бул жакта эң башкысы документке көбүрөөк көңүл буруш керек.
Негизи Европага иштөө үчүн келген аялдар көп. Алар заводдордо, кампаларда эмгектенишет. Кары же ооруган адамдарды карап иштегендер да көп кездешет. Бир баса белгилей кетүүчү жагдай, бүгүнкү күндө Европа өлкөлөрүндө жашаган кыргызстандыктардын диаспораларынын көбүн айымдар жетектейт.
– Өзүңүз эмне менен алектенсиз?
– Мен жеке менчик бир нече фирмаларды ачып, ар түрдүү тармактарда ишкердик менен алектенем. Жолдошум Мурат Маденов экөбүз 2003-жылы Чехияда инвестиция жасоо жаатында кызмат көрсөткөн “Сада консалтинг” компаниясын негиздегенбиз. Ошол эле маалда Чехиянын ички иштер министрлиги тарабынан чет элдиктер үчүн уюштурулган “Чехияга кош келиңиз” аталышындагы окууларды өтөм.
Кыргыз диаспорасынын уюмунун жетекчиси катары да коомдук жумушта иштеп келе жатам.
2022-жылы өткөн биринчи Элдик Курултайга Чехия, Австрия, Словакиядан келген делегаттар менен Кыргызстанга барып, чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибиздин эмгек стажын жана пенсиялык төлөмдөрүн таануу маселесин көтөрдүк. Эки жылдан кийин бул долбоорду ишке ашыруу мүмкүн болду. Учурда Чехия менен Кыргызстандын ортосунда бул документти ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Маалымат иретинде:
Чехиядагы кыргыз диаспорасы 1990-жылы түзүлүп, 2019-жылы расмий каттоодон өткөн. Ал эми Чехиядагы кыргыздар 1995-жылдан тартып өлкө борборунда ар кыл маданий иш-чараларды уюштуруп келишет.
– Бул өлкөдө мыйзам, укук жана тартип маселеси кандай?
– Чехияда мыйзамдар чет элдик жаранбы же жергиликтүү жаранбы, баарына бирдей карайт.
Тартип маселеси кучтүү, баары мыйзамга баш ийишет. Чет жакка барып окуйм же иштейм дегендер эмгек миграциясынын тобокелдиктери, жеке коопсуздугу, коркунучтар, жада калса үй-бүлөнү пландоо, сексуалдык коопсуздук тууралуу түшүнүгү болушу зарыл.
Жумуш берген өлкөлөр келген мигранттарга чек коёт эмеспи. Ошондуктан Чехия биринчи кезекте өз жарандарынын кызыкчылыгын эске алат. Мигранттарды көзөмөлгө алуу үчүн мыйзамдуу чектөөлөрдү аныктайт.
Европанын эмгек миграциясын жөнгө салуучу мыйзамдары кандай, алар иш жүзүндө кандайча жүзөгө ашырылууда, кандай талаптары бар, өнөктөштөр менен келишим түзүүдө эмнеге көңүл буруу зарыл – мына ушунун баары өтө маанилүү.
-Кыргыз мекендештер кандай иштер менен алектенишет?
-Жердештерибиз көбүнчө завод, склад, такси тармагында иштешет. Студент болобу же иштегени келишеби чех тилин жакшылап үйрөнүшү керек. Эгер чех тилин билсең, жогорку окуу жайында бекер билим алуу мүмкүнчүлүгү бар. Андан кийин жумуш таап кетсе болот. Студенттер окуп жүрүп иштей да алышат. Ал эми мигранттар мыйзам менен таанышып, чет өлкөгө жумушка орноштурууну убада кылган агенттиктер тууралуу так маалымат алып, анан келгени оң.
-Прагада дүйнөлүк аренага белгилүу болгон жогорку окуу жайлар кайсылар жана аларда билим алган кыргыз жаштары барбы?
-Ооба, жыл өткөн сайын Чехиянын ар кайсы жогорку окуу жайларында билим алган кыргызстандык жаштардын саны көбөйүп жатат. Себеби чех тилин билсе, окуу бекер. Жаштар көбүнчө Чехиянын Айыл – чарба университетинде билим алышат, себеби конкурс жеңил. Андан тышкары биздин жердештер Техникалык жана Карлов унивеститетинде да окушат.
-Жакында Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата чоң иш чара уюштурдуңуздар. Ал иш чара кандай өттү?
-Ооба, биз быйыл Кара Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн – Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүгүбүздүн 33 жылдыгына арналган майрамдык салтанат өткөрдүк. Бул иш чарада биз элдик дипломатияны өркүндөтүү үчүн боордош Украина, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Чехия мамлекеттеринин диаспора өкүлдөрүн да чакырдык. Алар биз менен бирге майрамды көнүлдүү өткөрүп, куттуктап кетишти.
– 9-сентябрь комуз күнүнө карата да кыргыз элине каалоо-тилектериңиз болсо керек…
-Биздин идентүүлүгүбүздү айырмалап турган улуттук музыкалык аспаптарыбыздын бири бул- комуз. Комуздун күүсү жаңырганда Кыргызстанга болгон сагынычыбыз жазылып, жашыл
жайлоолорубузду, ак мөңгүлүү тоолорубузду элестетебиз. Комуздун күүрсү ар дайым жаңырып турсун.
Биз жакында мекендештерибиздин балдары кыргыз рухун, маданиятын унутпашы үчүн “Этно ордосун” ачабыз деп пландап жатабыз. Кудай буюрса, бул тилегибиз ишке ашса, жаш жеткинчектерибиз кыргыздын салтын, наркын, маданиятынын баалуулуктары менен таанышып өсөт деген изги тилегибиз бар.
– Ала-Тоодон алыста жүрсөнүздөр да, кыргыздын наркы менен күн кечирген сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Аман болуңуздар.
Маекетешкен Турдайым Кожомбердиева




















