1-августтан тартып Россия Украина менен чек арасындагы 20 көзөмөл-өткөрүү пунктун расмий жабат. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Михаил Мишустин кол койду.
Россия Федерациясынын өкмөт башчысынын тиешелүү буйругу дүйшөмбү күнү расмий укуктук маалымат порталында жарыяланганын Interfax.ru агенттиги жазды.
“2025-жылдын 1-августунан тартып Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Украина Өкмөтүнүн ортосундагы 1995-жылдын 8-февралындагы Россия Федерациясы менен Украинанын ортосундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашуудагы тиркемеге ылайык, тизмеде түзүлгөн Россиянын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жабылат”, – деп айтылат буйрукта.
Жабыла турган автокөзөмөл пункттарынын тизмесине Белгород облусундагы Безымено, Вергелевка, Головчно, Клименки, Тишанка кирет. Брянск облусунан Зерново, Белая Березка жана Ростов облусунан Донецк, Куйбышев, Титовка, Можаевка көзөмөл-өткөрүү пункттары кирет. Андан тышкары Курск облусундагы Бояро-Лежачи да бар.
Ал эми темир жол өткөрүү пункттарынын тизмесине Гартмашевка, Долбино, Разъезд Выстр, Локоть, Теткино, Разъезд Карьер жана Ростов облусундагы Чертково кирет.



















