Бүгүн Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Орусиянын борборуна келет. Бул анын кайра шайлангандан берки биринчи чет өлкөгө сапары. Батыш “Путиндин дипломатиялык жеңишине” тынчсызданууда. Сүйлөшүүлөрдөн эмнелерди күтүүгө болот?
Көп кырдуу кызматташтык
Моди Путиндин чакыруусу менен расмий сапар менен келе жатат. Анын сапары эки күнгө созулат. Буга чейин Индиянын премьер-министри Орусияга 2019-жылы сентябрда Владивостокто өткөн Чыгыш экономикалык форумуна (EEF) катышкан. Москвада 2015-жылы болгон.
Путин Нью-Делиге 2021-жылы барган. Моди менен 2022-жылы сентябрда Өзбекстанда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинде жолуккан.
Мамлекет башчылары телефон аркылуу үзгүлтүксүз байланышып турушат. Июнь айында Путин Модини Индиянын лидерин үчүнчү мөөнөткө премьер-министрликке камсыз кылган парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен куттуктаган. Андан кийин экөө тең “конструктивдүү жеке өз ара аракеттенүүнү” улантуу багытын ырасташкан.
Өлкөлөрдү совет доорунан берки тыгыз эки тараптуу мамилелер гана эмес, БРИКС, ШКУ, Жыйырмалык топ (Чоң жыйырма) сыяктуу платформалардагы кызматташтык байланыштырып турат. БУУда Индия ырааттуу түрдө Орусияга каршы резолюцияларды колдобойт.

Нью-Дели ошондой эле Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар. Эркин соода аймагын түзүү боюнча консультациялар жүрүп жатат.
Кремлден маалымдашкандай, алдыдагы сүйлөшүүлөрдө, алар «салттуу достук орус-индия мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди» талкуулашат.
Сүйлөшүүлөр салттуу түрдө кеңейтилген жана тар курамда өтөт. Премьер-министр Москвада индиялык коомчулуктун өкүлдөрү менен да жолугушат.
«Президент Путин менен премьер-министр Модинин ортосундагы мамиленин ишенимдүү мүнөзүн эске алганда, күн тартибинде турган бардык маселелер боюнча пикир алмашуу болот деп күтсөк болот” – деди РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Анын айтымында, аймактык коопсуздук жана глобалдык коопсуздук маселелери ар дайым күн тартибинде турат. Мындан тышкары, эки тараптуу соода-экономикалык өз ара аракеттенүү да ар дайым талкууланып жаткан негизги маселелердин бири болуп саналат.
Батыш көз салууда
Албетте, Батыш дагы бул сапарга чоң маани берип жатат. Алар Москвада болуп жаткан окуяларга тыкыр көз салып жатышат. Bloomberg индиялык булактарга таянып, Путин менен Моди аскердик-өнөр жай комплексиндеги кызматташтыкты да козгошорун жазды.

Reuters агенттигинин маектештери өз кезегинде Батыш баш тартып жаткан орус мунайынын сатып алуусун көбөйткөн Индия арзандатууну сурайт” деп күтүшөт.
Тараптар көптөн бери жогорку деңгээлдеги визиттер менен алмаша элек жана бул Индия Орусиядан алыстап жатат деген жоромолдорду жаратты, деп эскерген Нью-Делидеги Observer Research Foundation аналитикалык борборунун кызматкери Нандан Унникришнан эми Модинин сапары мындай божомолдорго чекит коёт деген ишениим билдирди.
“Москванын Индиянын премьер-министри менен жолугушуусу Путин үчүн дипломатиялык жеңиш”, – деп Bloomberg ачык эле моюнга алды.
Ар кандай пикирлер
Ошол эле учурда батыштык байкоочулар өздөрүнө жагымдуу нерсе табууга да аракет кылып жатышат. Тактап айтканда, алар премьер-министр Моди Орусия менен Кытайдын жакындашуусуна тынчсызданып, Путинге жеке барууну чечти деген тезисти чыгарып жатышат.

Индия менен Кытайдын мамилеси 2020-жылы чек аранын талаштуу бөлүгүндөгү кагылышуудан кийин начарлап кеткен. Анда кеминде 20 индиялык жана төрт кытайлык аскер набыт болгон. Ошондон бери эки өлкөнүн байланыштары кыскарган. Эми Нью-Делиде, кээ бир ЖМКлардын жоромолдору боюнча, алар Москва Пекинге артыкчылык бербешине ынангысы келет имиш.
Бирок бул версия Кытай менен Индиянын карама-каршылыктарга карабастан, жалпы платформаларда кызматташууну улантып жатканын эске алганда ынандырарлык эмес. Ошол эле учурда батыштан да адекваттуу үндөр угулуп жатат. Моди Москвадагы сапарынан кийин Венага барат. Ал жерде биринчи кезекте Украина кризисине байланыштуу ага чоң үмүт артып жатышат.
“Ал Орусиядан кийин Австрияга барууну каалады. Бул тынчтыкка карай маанилүү кадам”, – деди Австриянын канцлери Карл Нехаммер.
Анын пикиринде, Батыш Украинада тынчтыкка жана ок атышпоого башка аймактардагы мамлекеттердин катышуусуз жетише албайт. Алардын арасында биринчи орунда Индия турат.
Булак: РИА Новости

















