Орусиянын лидери билдиргендей, өлкө эл аралык энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдөн баш тартпайт жана энергетикалык ресурстарын жеткирүү географиясын кеңейтет.
Орусиянын президенти Владимир Путин татаал геосаясий кырдаалга карабастан, орусиялык компаниялар дүйнөлүк энергетика рынокторунда алдыңкы позицияларын сактап жатканын билдирди. Анын айтымында, Россия энергетикалык ресурстарын сатуу рынокторун кеңейтүүнү жана ишенимдүү, жоопкерчиликтүү өнөктөштөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйт.
Бул тууралуу мамлекет башчысы отун-энергетика комплексин (ОЭК) өнүктүрүү жана экологиялык коопсуздук маселелери боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.
Путиндин айтымында, өлкөнүн ички отун рыногундагы негизги милдеттердин бири — отун жеткирүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдү ишенимдүү түрдө күйүүчү май менен камсыздоо.
Ал Россия ички рыноктогу туруктуулукту сактап калууга жетишкенин, бензиндин баасы эң жогорку чекке жеткенден кийин турукташканын белгиледи.
Президент өлкөнүн бардык аймактарында бензинге болгон суроо-талап менен сунуштун катышындагы өзгөрүүлөргө ыкчам жооп кайтаруу зарылдыгын баса белгиледи.
Путин энергетикалык инфраструктуранын коопсуздугуна да өзгөчө көңүл бурду. Ал отун-энергетика комплексинин объектилерин коргоону күчөтүүнү талап кылып, АКШ президенти Дональд Трамптын чакырыктарына карабастан, Киев Орусиянын энергетикалык объектилерине сокку урууну улантып жатканын билдирди.
Орусиянын лидери Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн отун-энергетика комплексинин объектилерине жасаган соккуларына Москванын жооп кайтаруусу сөзсүз болорун айтты.
«Муну баары билиши керек», — деп баса белгиледи Путин.
Мамлекет башчысы Россия эл аралык энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдөн баш тартпай турганын жана өзүнүн энергетикалык ресурстарын жеткирүү географиясын кеңейтүүнү улантарын билдирди.
Орусиянын күйүүчү майын тышкы рынокторго жеткирүүгө киргизилген чектөөлөргө токтолгон Путин мындай чаралардын кесепеттери Европа өлкөлөрүнүн өздөрүнө да тийиши мүмкүн экенин эскертти.
Ошондой эле ал Россия эч качан энергетикалык ресурстарды жеткирүүнү өз демилгеси менен чектебегенин белгилеп, Европа лидерлеринин бул багыттагы чечимдерин жетиштүү деңгээлде ойлонулбаган жана салмактуу эмес кадамдар деп атады.
Президент тармакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын катарына өлкөнүн чыгыш аймактарындагы мунайды кайра иштетүү жана мунай химиясы тармактарын кошту.
Мындан тышкары, Путин Трансарктикалык транспорт коридорун өнүктүрүүнүн келечегине көңүл бурду. Анын айтымында, бул каттамды пайдалануу жүктөрдү жеткирүү убактысын 1,5–2 эсеге кыскартууга жана логистикалык чыгымдарды кыйла азайтууга мүмкүндүк берет.
Президент Россия эл аралык энергетикалык рыноктордогу позициясын мындан ары да бекемдеп, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнү жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүнү улантарын баса белгиледи.



















