Индиянын Пенджаб штатында Бхакра суу каналы аркылуу өткөн металл көпүрө урап, эки адам жабыркады.
Бул тууралуу The Times of India гезити маалымдады.
Көпүрө үстүнөн эки жүк ташуучу унаа өтүп бара жаткан учурда урап түшкөн. Алардын бири өрттөнүп кеткен. Эки унаанын тең айдоочулары куткарылып, жеңил жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.
Жолдун жабыркаган тилкесинде унаа кыймылына чектөө киргизилди. Көпүрөнүн урашына алып келген так себептер аныкталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, себептердин бири конструкцияга ашыкча күч келиши болушу мүмкүн.



















