Москва Берлинди «космос мейкиндигин милитаризациялоону актоого» жана бул максаттарга миллиарддаган каражат бөлүүгө аракет кылып жатат деп айыптады.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Германиянын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган Москванын өзөктүк дүрмөтү бар космостук аппаратты орбитага чыгаруу пландары тууралуу маалыматтарды четке какты.
2026-жылдын 26-ноябрында Орусиянын тышкы саясий ведомствосунун сайтында жарыяланган комментарийинде дипломат мындай билдирүүлөр «Германиянын космоско өзүнүн курал-жарагын жайгаштыруу пландарын актоого» багытталганын айтты.
Захарованын айтымында, сөз, атап айтканда, Германиянын өнөр жай концерндери тарабынан иштелип чыгып жаткан жана Жерге жакын төмөнкү орбитага жайгаштыруу пландалып жаткан Precision Orbital Deep Strike сокку уруучу комплексин иштеп чыгуу жөнүндө болуп жатат.
РФ ТИМинин өкүлү ошондой эле Германиянын коргоо министри Борис Писториустун 2030-жылдардын ортосуна чейин өлкөнүн аскердик-космостук потенциалын чыңдоого 35 миллиард еврого чейин каражат бөлүү пландарын эске салды.
Захарова мындай маалыматтардын Женева шаарында БУУнун космосто жарыша куралдануунун алдын алуу боюнча жумушчу тобунун жыйыны өтүп жаткан учурда жарыяланышы космостук коопсуздук маселелери боюнча конструктивдүү диалогго тоскоолдук жаратарын белгиледи.
Орусия Космос мейкиндиги жөнүндө келишимди сактап жатканын билдирди
Дипломат Орусия 1967-жылдагы Космос мейкиндиги жөнүндө келишимди так сактап жатканын баса белгиледи. Аталган келишимде орбитага өзөктүк куралдарды жана массалык кыргын салуучу куралдардын башка түрлөрүн жайгаштырууга тыюу салынган.
«Биз буга чейин да бир нече жолу белгилегендей, Россия Федерациясынын космос мейкиндигин изилдөө жана өздөштүрүү боюнча иш-аракеттери эл аралык милдеттенмелерге толук ылайык, жалаң тынчтык максаттарында жүргүзүлөт жана башка мамлекеттерге коркунуч жаратпайт», — деп билдирди Захарова.
Анын айтымында, Москва космоско курал-жарак жайгаштырууга, ошондой эле космостук объекттерге карата күч колдонууга же күч колдонуу менен коркутууга тыюу салган юридикалык жактан милдеттүү эл аралык документти иштеп чыгууну мындан ары да жактай берет.

















