Бүгүн, 31-августта, Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунун алдына көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун эстелигинин ачылыш аземи өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышып, мамлекеттик ишмердин өмүр таржымалына кыскача токтолду.
“Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгынын урматына, Насирдин Исанов менен Абды Сүйөркуловго “Кыргыз Республикасынын баатыры” деген эң жогорку наамды ыйгаруу боюнча чечим кабыл алдым”,-деди С.Жапаров.
Ага улай эле аталган университетте “Кыргызстандын эгемен жолундагы Насирдин Исановдун ролу: тажрыйбалар жана чакырыктар” аттуу илимий-практикалык конференциясы өттү.
Анда Кыргызстандын эгемендүүлүк мезгилиндеги саясий, социалдык, экономикалык жана маданий тармактарда туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн көрүлгөн тарыхый процесстер талкууланды.
Ошондой эле Кыргызстандын эгемендик алгандан берки өнүгүү этаптары, негизги саясий окуялар, чакырыктар жана жетишкендиктер анализденди. Экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү реформалардын башаты, жүрүшү жана перспективалары талданды. Республиканын туңгуч өкмөт башчысы катары Насирдин Исановдун өлкөнүн саясий турмушундагы тарыхый ролуна жана жаңы саясий системанын калыптанышына кошкон салымына өзгөчө көңүл бурулду.