23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнүн 34 жылдыгына карата Ош шаарынын мэриясы Мамлекеттик тилди даңазалаган, тарбиялык маанидеги видеороликтерге сынак жарыялады.
Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, сынакка калаадагы мамлекеттик, жеке теле-радиокомпаниялар жана продакшн-студиялар катыша алат. Видеороликтеги кыргыз тилинин баалуулугун жеткирүү чеберчилигине, тарбиялык маанисине, видео-тасманын тартымынын жана топтоштуруу сапатына өзгөчө көңүл бурулат. Ал 3 мүнөттөн ашпашы керек. Ар бир катышуучунун сынакка бир гана видеоролик тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар. Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланат.
Эске сала кетсек, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.
Ал эми быйыл КР мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамы конституциялык мыйзам макамына ээ болду. Анда өлкөдөгү иш кагаздар мамлекеттик тилде гана жүргүзүлүшү шарт экени бекемделди. Мамлекеттик тили жөнүндөгү конституциялык мыйзамды КР ЖК депутаттары кабыл алып, ага президент Садыр Жапаров быйыл 2023-жылдын 17-июлунда кол койгон.