Eurasiatoday
Ишемби, 28-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кыргыз тилинин тагдыры пиар аркылуу чечилеби же тил илиминин негизинде чечилеби?

  • Интервью
  • 03.07.2026 11:50

Loading

Өткөн айдын акыркы жумасында, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен Улуттук илимдер академиясына караштуу Тил илими институту даярдаган кыргыз тилинин жаңы орфографиялык долбоору коомдук талкууга сунушталып, бул коомчулуктун курч сын-пикирине туш болду. Мындан улам жазуучу, коомдук ишмер Абдымамбет Сариевге бир катар суроолор менен кайрылып, жооп алдык.

– Абдымамбет агай, латын, крилл жана битик жазмалары байыркы цивилизацияга барып такалып, анын ичинде битик жазмасы байыркы кыргыздарга таандык экендиги айтылууда. Негизи кыргыз алфавити кайсы арипти тандаганы туура?

– Битик жазмасын тандоо керек. Бирок, аны азыркы учурда жазмага которуу көп машакаттарды, экономикалык чыгымдарды жана башка кыйынчылыктарды алып келет. Битик жазмасын мектептерге сабак катары киргизип, акырындап иш жүргүзүү максатка ылайыктуу болот. Бирок крилл арибин колдонгон баштапкы мезгилден тартып расмий иш кагаздарынан тартып, адабий, тарыхый китептердин баарын кайрадан басмадан чыгаруу зарылчылыгы келип чыгат. Бул экономикага олчойгон чыгымды алып келери айтпаса да түшүнүктүү жана бул мүмкүн деле эмес. Экинчи жагынан крилл ариби менен сабаттуулугу жоюлган кадр саясаты өзү даярбы деген суроого азырынча жооп жок…

Тема боюнча

Н. Шакиев кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн эң жогорку балл алды

Н. Шакиев кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн эң жогорку балл алды

08.10.2024

– Эгер битик жазмасын тандай турган болсок, бул дүйнөлүк санариптештүрүүгө туура келеби?

– Битик жазмасын окумуштуулар “латынга өтөбүз, кирилл жаман” деп талашып отурбай, санариптештирүүгө ылайыктап иштеп чыгуусу зарыл. Бул үчүн улуттук ар намыс жана чечкиндүүлүк керек!

– Учурдагы адабияттар жана расмий иш-кагаздар крилл алфавитинде. Мындан баш тартуу коомчулуктун сабаттуулугуна кандай таасир тийгизет жана мамлекеттин экономикасына канча чыгымды алып келиши мүмкүн?

– Тамгаларды алып салуу аркылуу миллондогон проблемалар жаралат. Миллиондогон ар түрдүү багыттагы китептерди, илимий материалдарды, архивдик документтерди, күбөлүктөрдү жана башка толгон-токой иш кагаздарын которуп жазуу мүмкүн эмес. Китепканалардагы көркөм-адабий жана илимий китептерди, мекемелердеги документтерди өрттөш керекпи? Алардын баарын которуп жазууга убакыт да, материалдык каражат дагы жетишпейт.

Авторлор адабий, илимий чыгармаларын кайра которуп жазууга мүмкүнчүлүктөрү жок, эч ким окуй албай таштандыга ыргытылып жок болот. Кимдир-бирөөлөргө ылайыкташтырылган латынга өтүүнүн бул карасанатай ыкмасы кыргыз эли үчүн орду толгус чоң жоготууга алып келет. Эң башкысы улуттун жок болуп кетүү коркунучу бар!

– Латын жазмасын колдонууну сунуштаган тараптар бар. Мунун артында кандай кызыкчылык жатат? Биздин үч, төрт муундан турган коомчулуктун сабаттуулугуна тийгизген оң жана терс таасирлерине токтоло кетсеңиз?

– Азыркы учурда 4-5 адам кыргыз тамгаларын азайтып туруп кайсы бир улутка ылайыкташкан латын арибиге өтүүгө даярдык көрүүнүн компаниясын кызуу башташты. Мунун өзү улутка болгон чыккынчылык болуп эсептелет. Себеби, биринчиден, кириллден чыгарып туруп, орток латын арибине эмес, бир улутка ылайыкташкан латын ариби аркылуу аларга көз каранды болуу, тил маселесинде өз алдынчалыгынан ажыроо коркунучу күтүп турат…

Мындан тышкары, крилл ариби 1940-жылдын декабрь айында Жогорку Советтин чечими менен кыргыз жазуусу латын графикасынан азыркы биз колдонуп жаткан кириллицага өткөрүлүп, улуу муундун өкүлдөрү кирилл арибинде гана окутулган. Ошондуктан улуу муун менен жаштардын ортосунда маалымат алмашуу кыйындап, бир топ убарачылыкты жаратат.

– Кыргыз тилинин тагдыры пиар аркылуу чечилеби же тил илиминин негизинде чечилеби?

– Кыргыз тилинин тагдыры, “биз тилчи, окумуштуубуз” деген улут безерилеринин эмес, жалпы кыргыз элинин каалоосуна ылайык чечилиш керек. Себеби, тил 4-5 беш кишинин менчиги эмес, жалпы кыргыз элине таандык байыртадан бери кыргызды сактап келе жаткан улуу мурас.

Тил илими – жок тил өнүкпөйт. Ал сөздүктөрдү, грамматикалык эрежелерди жаңы илимий терминдерди жана туура жазуу нормаларын иштеп чыгат.

Пиар технологиялары тилди жарнамалоодо, аны модага айландырууда, кино, медиа, блог жана социалдык тармактар аркылуу кеңири жайылтууда чоң роль ойнойт. Бирок коомдогу тилге болгон сүйүүгө пиар колдонулбаш керек. Бул кооптуу.

– Өзбектер латын алфавитине расмий түрдө өткөн менен кириллицаны дагы катар колдонушат. Алардагы реформа максатына толук кандуу эмне үчүн жетпеди?

– “Шашкан шайтандын иши” деген сөз бар. Алар кириллден кутулсак эле иш оңолот дешип шашып кетишти. Азыркы жаштар кириллди окуй албайт, мурдагы муун латынды окуй албайт, азапка батышты. Миңдеген документтерди которууга үлгүрө албай, кыйынчылыкта калышты. Биз дагы аларды кайталап калбоо үчүн латынга өтүү маселесин күн тартибинен алып салынганы туура болду.

Коңшү өзбек калкынын улуу мууну советтик мезгилден калган кириллицаны колдонууну улантууда, ал эми мектеп окуучулары жана жаштар латын алфавити менен билим алып, интернетте да ошону колдонушат. Ошондуктан маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн мамлекет эки алфавитти тең катар колдонууга мажбур болууда.

– Кыргыз өкмөтү келечекте крилл жазмасынан латын же башка жазмага өтө турган болсо, геосаясий кысымчылыкка туш келиши мүмкүнбү? Себеби буга чейин Россия Кыргызстанга социалдык обьекттерди, анын ичинде мектеп салып берген учурлар бар…

– Кысымга туш келүү өзүнөн өзү эле пайда болот. Өкмөт аркылуу болбосо жарандар аркылуу кысымдар башталат, өз ара түшүнүшүү боюнча мамилелер бузулат. “Кулдук психология” деген туура эмес. Кириллица кыргызга аябай жакшы кызмат кылып келди, азыр да кызмат кылууда.

Маектешкен Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: кириллицалатын арибимамлекеттик тилтилТил комиссиясы
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Дүйнөдө бир нече тилдер жок болуп кетүү коркунучу алдында турат

Дүйнөдө бир нече тилдер жок болуп кетүү коркунучу алдында турат

14.01.2025
Н. Шакиев кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн эң жогорку балл алды

Н. Шакиев кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн эң жогорку балл алды

08.10.2024
С. Жапаров: “Орус, англис тили боюнча Н. Шакиевдин пикири анын өзүнүн жеке ою”

С. Жапаров: “Орус, англис тили боюнча Н. Шакиевдин пикири анын өзүнүн жеке ою”

12.04.2024
Ошто Мамлекеттик тилди даңазалаган видеороликтерге сынак жарыяланды

Ошто Мамлекеттик тилди даңазалаган видеороликтерге сынак жарыяланды

12.09.2023

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.