Ош облусунда 31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө жана мамлекеттик, саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине карата улуттук спорттун жана көк бөрү боюнча президенттин кубогу старт алды. Бул тууралуу Ош облустук өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Спорттук иш чаралар “Төлөйкөн” ат майданында жана Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук ат майданында өтүүдө.
Ат майданда көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш, ат оюндары жана салбуурун боюнча беттештер, ал эми борбордук стадиондо кыргыз күрөшү, “Алыш” бел боо күрөшү, классикалык кыргыз күрөшү, ордо, айкүр жана таяк тартыш боюнча беттештер башталды. Мелдешке өлкөнүн баардык аймактарынан жана Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан, Түркмөнстандан келген спортчулар катышууда.
Мындан сырткары 31-август күнү Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына карата 32 киллометр чакырымга ат чабыштан мелдеш өтөт. Ага башкы байге катары бир батир коюлганы кабарланган. Ал эми улуттук спорттук оюндардын байге фондуна 9 миллион сом каралган.
Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына карата Ошто 7 локация боюнча иш-чаралар өткөрүлөт. Анын ичинде: Сулайман-Тоо тарыхий музей-комплексинин алдында мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү, Н. Исановдун 80 жылдыгына карата ОшМУда илимий-практикалык конференция, Ош Улуттук драма театрынын жанында “Ош – достуктун шаары” аталышында иш-чара, жогоруда айтылган “Төлөйкөн” ат майданында ат оюндары жана шаардын борбордук аянтында майрамдык салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт.