Бүгүн, 20-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде көрүнүктүү коомдук-саясий ишмер, филология илимдеринин доктору, академик Абдыганы Эркебаевдин 70 жашы “Өрнөктүү өмүр” аттуу илимий-практикалык конференция менен коштолуп белгиленди.
Алгач Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдык маарекесине арналган 6 мүнөттүк видео тасма көрсөтүлүп, өмүрү, чыгармачылыгына байланышкан сахналык көрүнүш коюлду. Андан соң ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган конференциянын катышуучуларынын куттуктоо сөздөрү орун алды.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Абдыганы Эркебаевдин кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө, кыргыз адабий сынынын бийик эстетикалык чектерге жетишине, Кыргызстандын эгемендүүлүк мезгилиндеги саясий турмушундагы өзгөрүүлөргө кошкон салымы боюнча илимий баяндамалар окулду.
Эскерте кетсек, Абдыганы Эркебаев Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Тейит айылында 1953-жылы 1-сентябрда туулган. Ал кыргыздын мамлекеттик жана коомдук ишмери, сынчы, адабиятчы.
Филология илимдеринин доктору (1992), Кыргыз Республикасынын УИАсынын академиги (1993). Кыргызстандын Улуттук ИАсынын президенти болуп (2012-2017) иштеген. 2019-жылдан 2023-жылдын апрелине чейин Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген.