ОшМУда учурда студентер менен биргеликте “Студент” аталышындагы киносериал тартылууда. Ал студенттердин окууга болгон кызыгуусун ойготуп, жаштык демиди даңазалайт. Киносериалдын режиссёру, ОшМУнун Педогогика, искусство жана журналистика институтунун окутуучусу Жанышбек Дадабаев. Аны менен бул тасма тууралуу кыскача маек курдук.
-Саламатсызбы, Жаныш агай? “Студент” киносериалы тартылып жатыптыр. Аны тартуу идеясы кайдан чыкты?
-Саламатчылык, негизи идея менден чыккан жок. Биздин жаңы жетекчибиз, окуу иштери боюнча орун басар Дамирбек Ыразаков агайдын сунушу жана идеясы менен тартылып жатат. Кыска убакыттын ичинде сценарий жазылып, тартып калдык.
-Негизи киносериал эмне жөнүндө? Ал канча сериядан турат?
-Көбүнчөсү студенттердин билим алууга көз карашы, ийгиликке жетүүсү боюнча тартылган. Азыркы учурда жаштар толук кандуу жакшы билим албай жатышат. Ошондуктан, сериалда жакшы окугандарга билим дүйнөсүнүн чоң эшигин ачыларын көргөзгүбүз келген. Планыбызда 8 серия болот дегенбиз, бирок азыр толук тартып бүтө элекпиз.
-Актёрлор кандай тандалды? Алар кимдер?
-Актерлукка кастинг жарыялаганбыз. Ал иш-чарабыз 5 күнгө созулду. ОшМУнун бардык факультеттеринен жана эң негизгиси Кино академиянын студенттери катышышты. Калыстар тобу тарабынан ар кандай тапшырмалар берилип, актёрлукка кызыккан, таланттуу студенттер тандалып алынды. Аларга 15 күн актёрдук даярдоо курсу өтөрүлдү.

-Башкы ролду ким ойнойт? Бир эле адамбы же бир нечеби?
-Негизинен бир эле бала башкы каарман. Ал – Эрланбек Кочкорбеков. Кино академиянын 2-курсунун студенти. Андан сырткары, төрт каарман бар. Баланын эки досу жана айылдан келген кыз. Бул жерде мугалимдин дагы ролун көргөзгөнбүз. Бишкек шаарынан актёр Атай Өмүрзаков да келип ойноп берип кетти.
-Сериялда дагы эмнени чагылдырып бергиңиздер келген?
-Максаттар көп, чынында. Университетти толук көргөзгүбүз келет. Учурда каржы маселесине байланыштуу тартуу токтоп турат. Өзүбүзгө демөөрчү таап, жаз айларында кайра улантууну пландап жатабыз.
-Кайсы аймактарда тартылды?
-Ош облусуна караштуу Жарооз айылында тартылды. Андан сырткары, Ош шаарында, университетте, спорт залдарда, уруксат берилген жерлерде тарта алдык.

-Кандай кыйынчылыктар болду?
-Кыйынчылык дегенде, биринчи кезекте бүтүндөй Ош шаарында кино тартуудагы профессионал адамдар аз экен. Мен Бишкек шаарында дагы иштеп келгем. Техника жетиштүү болгон менен иштете турган адам табылбай калган учурлар болот экен дегендей… Ушул жактан кичине кыйынчылык болду.
-Сиздин көз карашыңызда студенттердин аткаргандары купулуңузга толдубу?
-Жакшы суроо болду. Мени сүйүндүргөн жери – студенттер киного тартылгысы келет, баары аракет, эмгек кылышып, ролдорун аткарышты. Кыйынчылык бар албетте, бирок жеңсе болот.
-Каржы маселеси кандай болду? Университет каржыладыбы?
-Чындыгында продюсер катары Дамир агай жарым акчасын өзү каржылдады.
Жарымын шаардагы курулуш компаниялардын бири көтөрдү. Өзүңүздөр билгендей, кино тартуу оңой иш эмес, машакат. 100 миң сом эч нерсеге жетпейт экен. Ал эми университет актёрлорду толук окуусунан бошотуп, уруксат беришти. Окуу жайдагы сьемка тарта турган жерлерге кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришти.
-Акыркы суроо болсун, өзүңүздүн кино режиссура тармагындагы тажырыйбаңыз тууралуу айта кетсеңиз?
-Мен негизи бул тармакта 13 жылдан бери эмгектенип келем. Оператор болуу кыялым болчу, бирок ошол мезгилде режиссёрлук курс ачылып, бир жыл билим алдым. 2014-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университетке тапшырып, 5 жыл окудум. Ошол мезгилде эле документалдуу фильмдерди тартып, ар кандай сынактарга катышчу элем. Былтыр дебютум катары “Интеллигент” фильмин тартып бүтүрдүм.
Маектешкен: А. Белеков



















