Кечээ, 8-январь күнү Ош шаарындагы Ош шаарынын Ленин көчөсү 324Б/2 дарегинде жайгашкан “Царский двор” кафесинин жанындагы көп жылдык бака терек кыйылган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууланган темага айланып, тургундар кафенин бузулушун талап кылып чыгышты.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынан билдиришкендей, даракты жерден 2 метр бийиктиктен эч кандай уруксаты жок, мыйзамсыз түрдө кесип, өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирилгендиги аныкталып, «Царский Двор» кафесине 37 миң 639 сом 32 тыйын доо коюлду. Ошондой эле кафенин ээсине чара көрүү үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгына бүгүн, 9-январь күнү кат менен атайын материалдар өткөрүлдү.

«Буга чейин Сулайман-Тоо МАБтын комиссиялык актысынын жана КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл Министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгына кайрылган катынын негизинде экологдор жеринде карап чыгып, 15 даана дарактардын кооптуу бутактарына бутоо иштери үчүн макулдук берген»,-деп айтылат маалыматта. Ошентип даракты бутоого уруксат алып, бирок кыйып салууга чейин барышкан.
Ал эми Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Жумамидин Сулайманкулов билдиргендей, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы «Царский Двор» кафеси менен түзүлгөн келишимди үздү.
“Бул жердеги 388 чарчы метр, 599 чарчы метр жерлерге жылына келишим түзүп, бир жылда ижара акы катары 1 млн 750 сом төлөнүп жүргөн. Бир жылга келишим түзүлчү, жаңы жылдан баштап келишимди узартылган жок, келишим үзүлдү. Бул боюнча катты да тапшырып, тааныштырып келишти. Бошоткула, мурдагы калыбына келтиргиле деп айтылды, эгер бошотушпаса, дагы тиешелүү чаралар көрүлөт”,-деди Ж.Сулайманкулов.



















