Дүйнөдөгү үчүнчү эң кары дарак деп эсептелген 4500 жаштагы “Абаркух” дарагы Ирандын Йезд провинциясында орун алган. дүйнөдөгү бул эң кары кипарис Йезд провинциясынын Абаркух шаарында өсүп турат жана анын бийиктиги 25-28 метр жана сөңгөгүнүн жоондугу 11,5 метрге жетет.
Дарак “Cupressus sempervirens” (дайыма көгөрүп туруучу кипарис) түрүнө кирет.
Ирандын байыркы кипариси менен көптөгөн легендалар бар, кимдир бирөөлөр даракты Ной пайгамбардын баласы Иафет отургузган дешсе, башкалары Заратуштра өзү отургузган деп айтышат.
Йезд провинциясында байыркы бак-дарактар көп өсөт. Буга байланыштуу Йездди эң кары дарактардын мекени деп айтууга болот.
Жакында эле Орусия жана Япониядан келген окумуштуулар “Абаркух” дарагын изилдешип, ал 8000 жылга чейин өсөрүн айтышкан.
Белгилей кетсек, дүйнөдөгү эң кары дарактар делип Калифорниядагы “Мафусаил” дарагы (4800 жашта), Ирандагы “Сарв-е Абаркух” дарагы (4500 жашта) Чилидеги “Алерс” дарагы (3600 жашта) жана Флоридадагы “Сенатор” (3400 жашта) дарагы эсептелинет.


















