Ош шаардык мэриясы дарактарды кыюу өнөктүгүн баштады.
Бүгүн, 3-фералда, шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери Курманжан датка-А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинен тартып, Курманжан датка-А.Бөрүбаев көчөлөрүнүн кесилишине чейинки жолдогу дарактарды кыюуга киришти.
Мэриянын түшүндүрмөсүнө караганда, дарактардын эскилиги жетип, куурап, кулап түшүү коркунучу пайда болгон бак-дарактар кесилүүдө.
Буга чейин жергиликтүү бийлик 3833 даракты кыюуну пландап шаардык кеңештин 31-январдагы сессиясына алып чыкканда, депутаттар колдоп беришкен.
Ага ылайык, дарактар Курманжан датка (1870 дарак), Ленин (1870), А.Масалиев (453) жана Асранкулов (38) көчөлөрүндө кыйылат. Булардын ордуна клен, акация, чынар терек сыктуу 4 миңден ашык дарак отургузуу пландалган.
Дарактарды кыюу менен жолдорду кеңейтип, ирригациялык арыктарды куруп, лотоктор орнотула турганы жана келечекте электр чубалгылары алынып, жер астынан өткөрүү иштери аткарыла турганы айтылган.



















