31-августа Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгынын 32 жылдыгындагы Эгемендик күнү майрамына карата Ошто өткөн көкбөрү оюнунун финалдык беттешүүсүнүн жеңүүчү командасы аныкталгандан кийин ортодо чыр чыгып кетти.
Социалдык тармактарда Оштогу Төлөйкөн ат майданында жаалданган топ беттешүү өткөн талааны көздөй жүгүрүп баратканы чагылдырылган тасма тараган.
Күбөлөрдүн айтымында, оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым күйөрмандар ортодогу калысты ур-токмокко алышкан.
“Достук” жана “Ынтымак” командалары чечүүчү беттешүүгө чыгышып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин “Ынтымак” жеңип алды деп табылган.
Улуттук оюнду чууга айландыргандарды социалдык тармакта сынга алып жатышат. Стадиондо 40 миң көрүүчү болгон.
Бул окуяга президент Садыр Жапаров да күбө болуп, карап турган видеосу социалдык тармактарга тараган.



















