Мындай пикирин Россиянын Дүйнөлүк экономика институтунун улук илимий кызматкери Николай Сухов билдирди.
Америкалыктар бул согуштун кесепеттерин туура эсептей алышкан жок. Анын натыйжаларынын бири — Ирандын аракеттеринен улам бүткүл дүйнөнү камтыган энергетикалык шок болду.
Мурда Иранда өзөктүк курал жок болчу, бирок азыр ал жаңы “өзөктүк куралга” ээ деп айтууга болот — бул Ормуз кысыгы.
“Бул согуштагы эң маанилүү өзгөчөлүк — Ирандын таасирдүү каршылыгы. Мен Жакынкы Чыгыш боюнча адис катары “Венесуэла сценарийи” Иранда ишке ашпасын билчүмүн, анткени Иран ар дайым каршылык көрсөтүүгө жана курмандыкка даяр экенине ишенгем”,- деди Н. Сухов.
АКШ менен Израилдин Иранга кол салуусунун негизги максаты — режимди өзгөртүү болгон. Анткени америкалыктар жогорку даражалуу аскер жетекчилерин жана диний-саясий лидерлерди жок кылуу аркылуу Иранды алсыратабыз деп үмүт кылышкан.


















